Россиялык белгилүү теле алып баруучу Юрий Николаев дүйнө салды

Дүйнө Загрузка... 05 Ноябрь 2025 10:42
WhatsApp Image 2025-11-05 at 10.31.14.jpeg
copyright icon WWW

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 05.11.25 /Кабар/. Росссиянын белгилүү теле алып баруучусу жана актеру Юрий Николаев 77 жаш курагында дүйнө салды. Бул тууралуу РИА Новости билдирди.

Маалыматка ылайык, теле алып баруучу узак убакыттан бери өпкө оорусу менен күрөшүп келген. Буга чейин анын оор абалда ооруканага жаткырылганы кабарланган.

Юрий Николаевдин өлүмүн Россиянын Эл артисти Николай Цискаридзе да тастыктады.

Ал өзүнүн Telegram-каналына “Юрий Николаев бизден кетти… Жакында эле анын чыгармачылык мааракесин чогуу белгилегенбиз. Ал сахнага жана экранга көптөгөн жылдыздарды тартуулаган адам эле”, - деп жазган.

Юрий Александрович Николаев 1948-жылдын 16-декабрында Кишинёв шаарында төрөлгөн. Анын ата-энеси Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери болгон. 1965-жылы мектепти бүтүрүп, Москвадагы ГИТИСке (Россиянын театрлык искусство институту) тапшырып, театр жана кино актеру адистигин алган.

1970–1975-жылдары Пушкин атындагы театрда иштеп, ошол эле учурда телевидение тармагында эмгек жолун баштаган. Николаев бүткүл Союзга “Утренняя почта”, “Утренняя звезда”, “Достояние республики”, “В наше время” жана “Честное слово” сыяктуу белгилүү телеберүүлөр аркылуу таанылган.

1998-жылы Юрий Николаевге Россиянын Эл артисти наамы ыйгарылган.