Россиядан мыйзамсыз ташылып келген 16 тонна сүт азыктары артка кайтарылды

Экономика 1214 14 Апрель 2025 09:46
WhatsApp Image 2025-04-12 at 15.10.57 (1).jpeg
WhatsApp Image 2025-04-12 at 15.10.57.jpeg
ca0c51fb-4b52-47a4-abad-e32b24688644.jpeg
Алдыга
Артка
WhatsApp Image 2025-04-12 at 15.10.57 (1).jpeg
WhatsApp Image 2025-04-12 at 15.10.57.jpeg
ca0c51fb-4b52-47a4-abad-e32b24688644.jpeg
Алдыга
Артка

Бишкек, 14.04.25. /Кабар/. Россиядан мыйзамсыз ташылып келе жаткан 16 тонна сүт азыктары артка кайтарылды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Чүй облусундагы "Ак-Тилек" көзөмөл өткөрүү пунктунун "Ак-Тилек" чек ара ветеринардык постунун инспекторлору тарабынан Россиядан Кыргызстанга мыйзамсыз ташылып келиген 16 536 литр сүт азыктарына текшерүү жүргүзүлүп, жыйынтыгында ЕАЭБдин ветеринардык-санитардык талаптары бузулганы аныкталды.

Натыйжада "Ак-Тилек" чек ара ветеринардык көзөмөл өткөрүү жайынын инспекторлору тарабынан тиешелүү акт түзүлүп, жүк Россияга кайра артка кайтарылды.