Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Кара-Бүргөн айылында ушул жылдын аягында сүттү кайра иштетүүчү цех ишке кирет. Бул тууралуу аталган цехтин жетекчиси, жеке ишкер Майрамбек Жакиев “Кабар” маалымат агенттигине билдирди.
Анын айтымында, учурда цех толугу менен курулуп бүтүп, Кытайга буйрутма берилген жабдыктардын экинчи этабы күтүлүүдө.

“Региондорду өнүктүрүү фондунан 30 млн сом каржылоо каралган. Бул каражаттын эсебинен цехтин жабдууларын сатып алууга 24 млн 900 миң сом, курулуш техникаларына 5 млн сомдон ашык каражат жумшалган. Ал эми цехтин курулушуна жалпы 15 млн сом жеке каражатымды сарптадым. Учурда Кытайдан жабдыктардын жарымы келген, калганын жакынкы күндө келет деп күтүп жатабыз. Жабдыктар толук келгенден кийин цех ишке кирет. Негизинен сүттү Ак-Талаа районунун элинен жыйнап алабыз. Өзүм 4 жылдан бери элден сүт алып, бул багыттагы ишканаларга ташып иштегендиктен, тармактын ишин жакшы билип калдым. Цех ишке кирсе Ак-Талаа районунун элинен сүт алып, өзүбүз кайра иштетебиз”,- дейт жеке ишкер.

Белгилей кетсек, цех күнүнө 1 тоннадан 3 тоннага чейин чийки сүттү иштетүү кубаттуулугуна ээ экендигин ишкана жетекчиси маалымдады.

"Биз цехте айран, быштак, каймак, сыр, курут жана башка сүт азыктарынын түрүн стандартка ылайык даярдап, атайын идиштерге куюп, таңгактап чыгарабыз. Мисалы, 3 тонна чийки сүттү иштетсек, канча продукция чыгаарын технология бизге эсептеп берет. Азырынча райондо сүттү кайра иштетүүчү ишкана жок, биздин цех бул тармакта алгачкы болмокчу. Негизинен Ак-Талаа районун аймагын продукцияларыбыз менен камсыздайбыз деп турабыз. Ошондой эле цех ишке кирсе жалпы 10 кишини иш менен камсыздамакчыбыз. Технолог, лаборант адистерибиз бар, ал эми башка жумушчуларыбызды цех ишке кирсе кабыл алабыз”,- деп белгиледи Жакиев.

Ишкана жетекчиси кошумчалагандай, сүттү кайра иштетүүчү цех 24 сотых жер тилкесине курулган. Цехти курууда тийиштүү документтерди тариздөөдө Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрациясы жана Кара-Бүргөн айыл өкмөтү көмөк көрсөтүп келет.

Эскерте кетсек, быйыл өлкөдө ишке берилүүчү 128 өнөр жай ишканасынын алкагында Нарын облусу боюнча жыл аягына чейин 17 ишкананы ишке берүү мерчемделген.