Бишкек, 09.09.26. /Кабар/. Нарын шаарындагы “Сүт азык” жабык акционердик коомунда күнүнө 15 тоннага чейин сүт кайра иштетилип, каймак май жана башка сүт азыктары өндүрүлүүдө. Бул тууралуу Нарын шаардык мэриясы билдирди.
Маалыматка ылайык, аталган завод 2019-жылы ишке кирген.
Учурда ишканада 20 кызматкер эмгектенип, күн сайын 15 тоннага чейин сүт кайра иштетилип, каймак майдан тышкары сүттөн жасалган башка азыктар да өндүрүлүп келет.