Өлкөдө кайра иштетүүчү ишканалардын саны 425ке жетти

Экономика 1148 30 Июль 2025 10:45
27164_large.jpg
b2c72e44-a77e-4828-bf1a-1271975d5eec.jpg
a4d473d0-7d6d-4b18-930c-8b92695bc40e.jpg
522655678_122181191372341273_8178774701959907615_n.jpg
521308970_122181191882341273_2218976992820925600_n.jpg
fruktpererabotka.jpeg
Алдыга
Артка
27164_large.jpg
b2c72e44-a77e-4828-bf1a-1271975d5eec.jpg
a4d473d0-7d6d-4b18-930c-8b92695bc40e.jpg
522655678_122181191372341273_8178774701959907615_n.jpg
521308970_122181191882341273_2218976992820925600_n.jpg
fruktpererabotka.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги

Бишкек, 30.07.25 /Кабар/. Кыргызстанда алты айда 9 кайра иштетүү ишканалары ишке кирип, алардын жалпы саны 425 жетти. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Ошондой эле 1 соода логистикалык борбору түзүлүп алардын саны 40ты түздү.  

Андан сырткары, 1 мал союу пункту ишке кирип, жалпы саны 115ге жетти. Анын ичинен 56 ишкана эл аралык сапат стандартына киргизилди.

Мындан тышкары, өлкө боюнча алты айда жаңы 68 айыл чарба кооперативи түзүлүп, алардын жалпы саны 813тү түздү.  Ошону менен бирге 7 машина-трактордук станция уюшулду. Анын ичинен бирөө мамлекеттик, 2 муниципалдык, 4 жеке менчик.

Ал эми кайра иштетүү ишканаларына жана 17 кластердик бирикмелерге 6 пайыздык жеңилдетилген кредиттер 5 жылга “КАПК” долбоору аркылуу 1 251 субъекткке берилген. Каржылоонун көлөмү 3 млрд 327 млн сомду түзөт. Ошол эле учурда айыл чарба тармагын жана кайра иштетүү өнөр жайын өнүктүрүү үчүн 98 долбоор ишке ашырылып жатат.