Бишкек, 30.10.25 /Кабар/. Россиялык режиссёр Сергей Коротаев Бишкекке жөн гана тасма менен эмес, чын жүрөктөн чыккан тасма алып келди. Анын "Тизмеде аты жок" тасмасы эртең, 31-октябрда "Манас" кинотеатрында орус киносунун фестивалынын алкагында көрсөтүлөт. Тасма 29-октябрдан 1-ноябрга чейин Бишкекте өтүп жаткан Россиянын Кыргызстандагы маданият күндөрүнүн эң маанилүү учурларынын бири болуп калат.

Россиялык режиссёр "Кабарга" берген маегинде эки өлкөнүн ортосундагы маданий алмашуунун маанисин, орус киносунун чынчылдыгын жана ачыктыгын талкуулады, ошондой эле келечекте кыргыз кинорежиссёрлору менен биргелешкен долбоорлор тууралуу айтты.
"Залга адамдардын толушу албетте маанилүү. Биз үчүн ал чоң колдоо. Эгер сиз тасма тартып, аны эч ким көргүсү келбесе, анда бир нерсеси туура эмес болуп калганын билдирет. Анткени көрүүчүлөрдө тасмага карата жандуу кызыгуусу, чын жүрөктөн ой-пикири айтылат. Бул абдан баалуу".
Коротаев фестиваль мыкты деңгээлде уюштурулганын, жылуу атмосфераны жана майрамдык маанайды сезгенин белгилейт.
Ошондой эле ал мындай иш-чаралар көрүүчүлөр үчүн гана эмес, кинорежиссерлордун өздөрү үчүн да маанилүү, анткени алар чыныгы маданий алмашууларды — онлайн көрүү жана жактыруу баскычы менен алмаштырылгыс экенин айтат.
“Бишкектеги Орус киносунун күндөрүнө катышуу мен үчүн чоң сыймык. Бул жоопкерчилик, бирок ошол эле учурда биздин заманбап кинобузду бир тууган өлкөдө көрсөтүү кубаныч”, - деп айтты ал.
Режиссер Россия менен Кыргызстандын ортосундагы маданий байланыштарды өзгөчө жылуу сөз менен айтат: “Мындай фестивалдар алакаларды бекемдейт. Биз мында тажрыйбалар, көз караштар жана идеялар менен бөлүшөбүз”.
Коротаев орус киносу кыргыз көрүүчүлөрүнө чынчылдыгы жана адамгерчилигинен улам жакын деп эсептейт.
“Биздин тарыхыбыз, тамырларыбыз бир. Биз согуштан өтүп, кадыр-баркын сактап калгандардын урпактарыбыз. Жакшылык менен жамандыкты, чыныгы эркектер менен аялдарды түшүнө билебиз. Ошондуктан биздин тасмалар чын жүрөктөн кабыл алынат”, - деп белгиледи киноискусствосунун өкүлү.
Коротаев азырынча кыргыз кинорежиссерлору менен кенен сүйлөшүүгө мүмкүнчүлүк ала электигин, бирок биргелешип иштөө идеясы аны шыктандырарына токтолду.
“Мен мындай мүмкүнчүлүк пайда болот деп үмүттөнөм. Менин оюмча, биргелешкен орус-кыргыз долбоору абдан кызыктуу болмок“, - деп режиссер келечекке оптимизм менен карап, сөзүн жыйынтыктады.