Россиядагы мекендештер миграциялык мыйзамдардын талаптарын кандай аткарууда?

Коом Загрузка... 10 Сентябрь 2025 18:40
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon WWW

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 10.09.25. /Кабар/. Бүгүн, 10-сентябрда мигранттардын Россияда жүрүүсүн мыйзамдаштыруунун мөөнөтү аяктады. 11-сентябрдан тартып укуктук абалды жөнгө салууга мүмкүн болбойт. Бул тууралуу Россиянын Ички иштер министрлигинин миграциялык кызматынан билдиришкенин РИА Новости жазды.

WhatsApp Image 2025-09-10 at 17.56.54.jpeg

Эске салсак, Россиянын президенти Владимир Путин апрелде мыйзамсыз жүргөн жана жарандыгы жок мигранттардын укуктук абалын жөнгө салуу же өлкөдөн чыгып кетүү мөөнөтүн 10-сентябрга чейин узарткан. Буга чейин бул мөөнөт 30-апрель деп белгиленген болчу.

Эми 11-сентябрдан баштап Россиянын аймагынан чыгарууга чейин мигранттардын бир катар укуктары анын ичинде өлкөгө кирүүсү да чектелет.

2025-жылдын 1-январынан тартып Россияда чет өлкөлүк жарандардын Россия Федерациясында убактылуу болуу мөөнөтүн 90 күнгө чейин кыскарткан өзгөртүүлөр күчүнө кирген. Чет өлкөлүк жарандар уруксаты жок (жашоо уруксаты, убактылуу жашоого уруксаты, эмгек же жарандык-укуктук келишими) Россияда 1 жыл ичинде 90 гана күн боло алат (мурда бул мөөнөт 180 күн болчу).

WhatsApp Image 2025-09-10 at 17.56.54 (1).jpeg

Ал эми 5-февралдан тарта Россияда мыйзамсыз жүргөн чет элдик жарандарды өлкөдөн чыгаруу миграциялык режими күчүнө кирген. Өлкөдөн чыгаруу режими мигранттарга карата бир катар укуктарды жана эркиндиктерди чектөөнү да камтыйт. Ошондой эле көзөмөлгө алынган адам ички иштер органдарына белгиленген мөөнөттө барышы керек жана мыйзамда каралган чектөөлөрдү жана тыюу салууларды сакташы керек.

Мыйзам күчүнө кирген учурда Россия Федерациясында көзөмөлгө алынган адамдардын реестринде миграциялык режимди бузуу менен жүргөн Кыргызстандын 70 миңге жакын жараны катталган болсо, июль айынын башына карата алардын саны 113 миңдей адамды түзсө, 27-августта кайра 94 миңге чейин кыскарды.

Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаментинин директорунун орун басары Бакыт Кадыровдун айтымында, Россиянын Ички иштер министрлигинин акыркы маалыматы боюнча, Россия Федерациясында миграциялык каттоодо 377 миңге жакын Кыргыз Республикасынын жараны турат.

WhatsApp Image 2025-09-10 at 17.56.55.jpeg

“Кабар” агенттиги бүгүнкү күндө Москвада такси кызматында иштеп жаткан Жумабек Жусумаматов менен мигранттардын каттоого туруусу тууралуу баарлашты. Ал ушул жылдын апрель айында Москвага иштөө үчүн барган. 90 күндүк мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу укугун жөнгө салууга аракет көрө баштаган. Жумабек Жусумаматовдун пикиринде, Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин көмөгү жана кеп-кеңеши аркылуу тиешелүү документтерин топтоп, каттоодон ийгиликтүү өтө алды.

WhatsApp Image 2025-09-10 at 17.57.34.jpeg

“95 күн болгондо көзөлдөө реестрине түшүп калдым. Анан элчиликтен кандай документтер керек экенин билип-тактап, тиешелүү талаптарды аткарган соң, бир күндөн кийин эле реестрден чыктым. Ички иштер министрлигинин кызматкерлери мурда аз гана киши кабыл алып келсе, консулдун сүйлөшүүлөрүнөн кийин бир күндө 150-200гө чейин адам кабыл алынып жатты. Мен тааныган мекендештердин көбү каттоодон өтүштү. Айтып кетет элем, ар бир мамлекетте мыйзам бар. Биздин өлкөгө деле чет элдик жарандар келсе, мыйзамды сакташат. Мыйзам чегинде кандай чаралар көрүлсө, туура кабыл алуусу керек. Биз да башка мамлекетке келгенден кийин алардын мыйзамдарындагы талаптарды аткарышыбыз шарт”, - деди Жумабек Жусумаматов.

Ошондой эле мекендешибиз 2025-жылдын 1-сентябрынан тартып Москвада жана Москва облусунда мигранттардын миграциялык каттоосун толугу менен алмаштыра турган “Амина” мобилдик тиркемеси колдонулуп жатканын кошумчалады.

Айта кетсек, каттоодон өтүү үчүн кыргызстандыктар туруктуу жашаган жери тууралуу маалыматты ички иштер органдарына берет. Дарек боюнча маалыматтар өзгөргөндө Сахарово борборуна же Ички иштер министрлигинин аймактык органдарына барбастан, “Амина” тиркемеси аркылуу жаңыласа болот. Эгерде үч күндөн ашык убакыт бою аппараттын геолокациясы жөнүндө маалымат жок болсо, чет өлкөлүк жаран Сахароводогу реестрден чыгарылат, бул анын көзөмөлгө алынган адамдардын реестрине киргизилишине алып келиши мүмкүн. Авторизациялоо үчүн Сахарово борборунда берилген чет өлкөлүк жарандын картасы, ал эми жоголсо паспорттун маалыматтары колдонулат.