Россиядагы кыргызстандыктардын укуктук абалын жөнгө салуу убакыт талабы

Коом Загрузка... 02 Сентябрь 2025 17:20
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon www

Россия Федерациясындагы кыргызстандык мигранттардын укуктук абалын жөнгө салуу маселеси актуалдуу болууда. Жыл сайын миңдеген Кыргызстандын жарандардары Россияга иштөө үчүн барат жана алардын укуктук абалы, документтерди тариздөө жана керектүү кызматтарга жетүү маселелери өзгөчө көңүл бурууну талап кылат. Эки өлкөнүн биргелешкен аракеттери мигранттарды мыйзамдуу ишке орноштурууга жана социалдык жактан коргоого көмөктөшүүчү шарттарды түзүүгө багытталган.

Жыл башында Россия Федерациясында чет өлкөлүк жарандардын кирүүсүнө, жүрүүсүнө жана иштөөсүнө көзөмөлдү күчөтүүгө багытталган бир катар мыйзам актылары күчүнө кирген. Кабыл алынган мыйзамдык чаралар ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин, анын ичинде Кыргыз Республикасынын жарандарына карата колдонулат. Анын ичинде:

Чет өлкөлүк жарандардын Россия Федерациясында убактылуу болуу мөөнөтүн кыскартуу:

Үстүбүздөгү жылдын 1-январынан тартып Россия Федерациясынын Федералдык мыйзамына ылайык, чет өлкөлүк жарандардын Россия Федерациясында убактылуу болуу мөөнөтүн 1 календардык жыл ичинде 180 күндөн 90 күнгө чейин кыскарткан өзгөртүүлөр күчүнө кирди. Чет өлкөлүк жарандар уруксаты жок (жашоо уруксаты, убактылуу жашоого уруксаты, эмгек же жарандык-укуктук келишими) Россияда 1 жыл ичинде 90 гана күн боло алат (мурда алар жалпысынан 180 күн боло алмак).

Россия Федерациясында өлкөдөн чыгаруу режимин жана көзөмөлгө алынган адамдардын реестрин киргизүү:

Ушул жылдын 5-февралынан тарта Россия Федерациясынын ушул эле Федералдык мыйзамына ылайык, Россия Федерациясында жүргөн жана Россия Федерациясында болууга/жашоо үчүн мыйзамдуу негиздери жок чет өлкөлүк жарандарга карата колдонулуучу жаңы укуктук режим - чыгаруу режими киргизилди жана мындай адамдар жөнүндө маалыматтар көзөмөлгө алынган адамдардын реестрине киргизилмей болду.

Мыйзам күчүнө кирген учурда Россия Федерациясында көзөмөлгө алынган адамдардын реестринде Кыргызстандын 70 миңге жакын жараны катталган болсо, үстүбүздөгү жылдын июль айынын башына карата алардын саны 113 миңдей адамды түзгөн. Сөз Россия Федерациясынын аймагында миграциялык режимди бузуу менен жүргөн Кыргызстандын жарандары жөнүндө болуп жатат.

Чет өлкөлүк жарандардын Россия Федерациясындагы укуктук статусун жөнгө салуу мүмкүнчүлүгү:

Ошол эле учурда бул категориядагы жарандарга бардык зарыл болгон жол-жоболор аткарылган шартта Россия Федерациясындагы өздөрүнүн укуктук статусун жөнгө салуу мүмкүнчүлүгү берилет.

Ушул жылдын 1-январынан тартып Россия Федерациясындагы чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын айрым категорияларынын өлкөдөн чыгаруу режиминин колдонулушуна байланыштуу укуктук абалын жөнгө салуу боюнча убактылуу чаралар күчүнө кирди.

Ага ылайык, 2025-жылдын 1-январынан 30-апрелине чейин көзөмөлгө алынган адамдардын реестрине киргизилүүгө тийиш болгон бардык чет өлкөлүк жарандар Россия Федерациясынан өз алдынча чыгып кетүүгө же укуктук статусун жөнгө салууга милдеттүү болгон.

Кийинчерээк бул мөөнөт 2025-жылдын 10-сентябрына чейин узартылган. Буга чейин президенти Садыр Жапаровдун атынан Россия Федерациясынын президентине биздин жарандардын Россиянын аймагында жүрүүсүн мыйзамдаштыруу үчүн белгиленген мөөнөттү узартуу өтүнүчү менен кайрылуу жолдонгон.

Эми акыркы мөөнөт – 2025-жылдын 10-сентябры. Белгиленген мөөнөттө укуктук статусун жөнгө салбаган чет өлкөлүк жарандарга Россияга кирүүсүнө тыюу салуу жана өлкөдөн чыгаруу чаралары көрүлөт.

Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаментинин директорунун орун басары Бакыт Кадыров билдиргендей, Россиянын Ички иштер министрлигинин акыркы маалыматы боюнча, 2025-жылдын биринчи жарым жылдыгында Россия Федерациясында миграциялык каттоого 377 миңге жакын Кыргыз Республикасынын жараны катталган. Ошол эле учурда алар тарабынан түзүлгөн эмгек жана жарандык-укуктук келишимдердин саны 701 миңди түздү. Бул айырмачылык бир адам бир нече эмгек же жарандык-укуктук келишимдерди түзө ала тургандыгы менен түшүндүрүлөт. Мындан тышкары, Россияда келишим түзгөн айрым жарандар Кыргызстанда болуп, аралыктан иштеши мүмкүн.

“Мыйзам күчүнө кирген учурда Россия Федерациясында көзөмөлгө алынган адамдардын реестринде 70 миңге жакын Кыргыз Республикасынын жараны катталган болсо, үстүбүздөгү жылдын июль айынын башына карата алардын саны 113 миңди, ал эми үстүбүздөгү жылдын 27-августунда 94 миңди түздү. Сөз Россиянын аймагында миграциялык режимди бузуу менен жүргөн Кыргызстандын жарандары жөнүндө болуп жатат”, - деди ал.

Тышкы иштер министрлигинен белгилешкендей, ошону менен бирге 2025-жылдын 1-сентябрынан тартып Москвада жана Москва облусунда жаңы эксперименталдык тартип киргизилди, ал чет өлкөлүк жарандардын, анын ичинде Кыргыз Республикасынын жарандарынын учурдагы миграциялык каттоосун толугу менен алмаштырат. Каттоодон өтүү үчүн кыргызстандыктар туруктуу жашаган жери тууралуу маалыматты ички иштер органдарына берүүгө мүмкүнчүлүк түзө турган “Амина” мобилдик тиркемесин орнотуу керек.

Дарек боюнча маалыматтар өзгөрткөндө Сахарово борборуна же Ички иштер министрлигинин аймактык органдарына барбастан, тиркеме аркылуу жаңыласа болот. Эгерде үч күндөн ашык убакыт бою аппараттын геолокациясы жөнүндө маалымат жок болсо, чет өлкөлүк жаран Сахароводогу реестрден чыгарылат, бул анын көзөмөлгө алынган адамдардын реестрине киргизилишине алып келиши мүмкүн. Авторизациялоо үчүн Сахарово борборунда берилген чет өлкөлүк жарандын картасы, ал эми жоголсо паспорттун маалыматтары колдонулат.