Бишкек, 15.04.25. /Кабар/. 2024–2025-жылдары Россияда жумушсуздуктун рекорддук деңгээли төмөн болгонуна карабастан, жумушчу күчүнүн жетишсиздиги курч болууда.
Федералдык мамлекеттик статистика кызматынын маалыматы боюнча, 2024-жылдын ноябрь айынын башында жумушсуздуктун деңгээли 2,3% түзгөн. Россия Банкынын маалыматы боюнча, 2024-жылдын аягына карата өлкөдөгү ишканалардын 69 пайызы жумушчу күчүнүн жетишсиздигине дуушар болгон.
Жумушчулардын эң көп жетишсиздиги төмөнкү тармактарда байкалат:
- Өнөр жай жана курулуш: бул тармактарда квалификациялуу жумушчулардын, өзгөчө өндүрүштө жана металлургияда жумушчу күчүнүнүн курч жетишсиздиги байкалууда;
- Соода жана транспорт: чекене соодада жана логистикада жумушчу күчүнүн олуттуу жетишсиздиги байкалып келет;
- Билим берүү жана саламаттык сактоо: билим берүү, саламаттыкты сактоо жана социалдык тейлөө тармактарында адистердин олуттуу жетишсиздиги байкалууда.
- Жумушчу күчүнүн жетишсиздиги аймактарга жараша айырмаланат.
Москванын мэри Сергей Собяниндин айтымында, 2024-жылы 500 миңдей жумушчу жетишпейт, ал эми 2025-жылдын аягына чейин тартыштык 1 миллион адамга чейин өсүшү мүмкүн.
Сибирь федералдык округунда 2030-жылга чейин 378 миңге жакын жаңы жумуш орундарын түзүү пландаштырылууда. Аталган аймакта эмгекке жарамдуу калктын саны 270 миң адамга гана өсөт.
Бул көрсөткүч жумушчулардын жетишсиздиги 108 миң адамды түзөрүнөн кабар берет.
Жумушчу күчүнүн жетишсиздиги эмнеден улам пайда болууда?
Россиянын тиешелүү мамлекеттик органдары жумушчу күчүнүн жетишсиздигинин бир катар себептери бар экенин айтышууда:
- Калктын улгайышы. Россиянын эмгек министри Антон Котяков 2025-жылдын март айында Россиянын өнөр жайчылар жана ишкерлер союзунун (РСПП) конгрессинде жакынкы 5 жылда өлкөнүн экономикасына 11 миллион жаңы жумушчу тартылышы керектигин билдирген.
Бирок жаңы жумушчулардын жалпы санынын 10 миллионун пенсиядагы адамдар түзөт, ал эми 800 миңи жаңы жумуш орундарын ээлейт. Тагыраагы, 200 миң жумушчу күчүнүн жетишсиздиги Россиянын калкынын улгайып, кыскарышынын кесепети.
Министр ошондой эле 2022-2024-жылдары экономикага 2 миллиондон ашык жумушсуз адам тартылганына көңүл бурду. Бирок бул резерв түгөнгөн. Ал эми азыр эмгекти негизги камсыз кылуучу жаштар түзөт.
- Эмгек өндүрүмдүүлүгү төмөн. Антон Котяков азыркы шарттарда ишканаларда эмгек өндүрүмдүүлүгүнүн өсүшү негизинен технологиянын же эмгекти уюштурууну жакшыртуунун жана эффективдүүлүктү жогорулатуунун эсебинен эмес, жумушчулардын санын көбөйтүү менен камсыз кылынарын белгиледи. Аскердик-өнөр жай комплексинин ишканалары бар аймактарда жумушчулардын жетишсиздигинин себептеринин бири ушунда. Буйрутмалар көп , бирок кубаттуулуктардын саны мурдагыдай эле.
“Жетиштүү кадрлардын жетишсиздигинен ишканалар жумушчу күчүн пайдалануунун интенсивдүүлүгүн жогорулатууга — жумуш күнүнүн узактыгын жана нөөмөттөрдүн санын көбөйтүүгө аргасыз болууда”, — деп белгилеген ал.
Россия бийликтери эмгек өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу маселеси жакынкы жылдарда чечилиши керек деп ишенет.
“Өкмөттүн “Эмгек өндүрүмдүүлүгү” деген өзүнчө улуттук долбоору бар болчу, ал 2025-жылдан тарта “Натыйжалуу жана атаандаштыкка жөндөмдүү экономика” улуттук долбоорунун бир бөлүгү болуп калат.
Милдети- чарбалык иштин бардык участокторунда эмгек өндүрүмдүүлүгүн жогорулатууну сактоо. Роботтоштуруу кадрлардын жетишсиздиги жана өндүрүмдүүлүк маселесин чечүүгө да жардам берет. Россиянын Өнөр жай жана соода министрлиги “Өндүрүш жана автоматташтыруу каражаттары” аттуу улуттук долбоорду иштеп чыкты, деп билдирди Стратегиялык демилгелер агенттигинин башкы директору Светлана Чупшева (Кыргызстандын президентине караштуу Улуттук стратегиялык демилгелер институтунун аналогу) “Известия” гезитине берген маегинде.-
- Миграция саясаты. “Биз үчүн чет элдик кандай адистер – квалификациялуу, жогорку квалификациялуу – экономиканын кайсы тармактарына керек экендигин аныктоо маанилүү. Эмгек мигранттарын жумушка алган иш берүүчүлөр алар үчүн жоопкерчилик алууга жана миграциялык колдоо көрсөтүүгө милдеттүү”, - деди ASI`нин башкы директору Чупшева.
Анын пикирине караганда, жакынкы жылдарда Россия мүмкүн болушунча көбүрөөк квалификациялуу адистерди тартууга тийиш. Ал үчүн тиешелүү шарттар түзүлүшү керек.
Ошол эле учурда көптөгөн эксперттер жумушчу күчүнүн жетишсиздигин орус бийлигинин жаңы миграциялык саясаты көбүнесе курчутуп жатат деп эсептешет. 2025-жылдын 5-февралында күчүнө кирген эмгек мигранттарына карата жаңы чаралардын кесепеттери азырынча толук ачыктала элек.