Швейцарияда IV кылымга таандык Рим көпүрөсүнүн калдыктары табылды

Дүйнө Загрузка... 05 Июнь 2026 18:10
WhatsApp Image 2026-06-05 at 08.53.19.jpeg
copyright icon WWW

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 05.06.26 /Кабар/. Швейцариянын Золотурн шаарында археологдор биздин замандын IV кылымына таандык деп эсептелген байыркы Рим көпүрөсүнүн калдыктарын табышты. Буга чейин мындай көпүрөнүн болгондугу тууралуу маалыматтар теориялык божомол катары гана каралып келгенин Arkeonews журналына таянып, Известия билдирди.

Андагы маалыматка ылайык, табылга Аре дарыясынын түбүн изилдөө учурунда аныкталган. Суучул-археологдор темир жол көпүрөсүн реконструкциялоого даярдык көрүү маалында дарыянын түбүнөн жыгач устундарды табышкан. Кийин жүргүзүлгөн иликтөөлөр жыгачтар биздин замандын IV кылымына таандык экенин көрсөткөн.

Адистердин айтымында, ошол мезгилде байыркы Салодурум шаары (азыркы Золотурн) коргонуу максатындагы аскердик лагерге айланып жаткан. Табылган жыгач конструкциялар ошол доордогу көпүрөнүн тирөөч бөлүгү болушу мүмкүн.

Изилдөөчүлөр дарыянын агымы боюнча жайгашкан узундугу эки метрге жакын устундардын катарын эсептеп чыгышкан. Айрым жыгач мамылардын бийиктиги бир метрге чейин жетсе, диаметри болжол менен 20 сантиметрди түзгөн.

Археологдордун белгилешинче, жыгачтардын бүгүнкү күнгө чейин жакшы сакталып калышына суунун туруктуу нымдуулугу себеп болгон. Мындан тышкары, 1969-жылы жүргүзүлгөн дарыя түбүн тереңдетүү иштеринде да алар жабыркаган эмес.

Учурда табылгага курулуш иштери коркунуч жаратпагандыктан, окумуштуулар калдыктарды дарыянын түбүндө калтырууну чечишти. Ошол эле учурда көпүрөнүн башка бөлүктөрүн табуу үчүн суу алдындагы кошумча изилдөөлөр жүргүзүлөт.