Бишкек, 04.06.26. /Кабар/. Камчатканын жээгинде бир түндүн ичинде 30га жакын жер титирөө катталганын Россиянын Илимдер академиясынын Бирдиктүү геофизикалык кызматынын Камчаткадагы филиалына шилтеме берүү менен ТАСС агенттиги билдирди.
Сейсмологиялык окуялар Тынч океанда, деңиз түбүнөн 41 чакырым тереңдикте катталган 6 магнитудалуу алгачкы жер титирөөдөн кийин башталган.
Бул силкинүүдөн кийин бир нече сааттын ичинде ошол эле аймакта кайрадан биринен сала бири кайталанган жер титирөөлөр катталган.
Калктуу конуштардын тургундары күчү 3 баллга чейин жеткен бир гана жер силкинүүнү сезишкен. Цунами коркунучу жарыяланган жок.