Россияда 2026-жылдан тарта жаңы “Молния” мессенджери иштей баштайт — Кабар

Россияда 2026-жылдан тарта жаңы “Молния” мессенджери иштей баштайт

Дүйнө 5 декабрь 2025 09:55
Россияда 2026-жылдан тарта жаңы “Молния” мессенджери иштей баштайт
copyright icon WWW

Бишкек, 05.12.25 /Кабар/. Россияда жаңы “Молния” мессенджери 2026-жылы ишке киргизилет. Бул тууралуу Казинформ агенттиги маалымдады.

Маалыматка караганда, аталган мессенджер Россиянын Red Soft жана Кытайдын Passion компаниялары тарабынан биргелешип иштелип чыккан.

"Молния" — бул байланыш, социалдык контент, төлөм кызматтары, чек ара соодасы жана бизнес кызматтарын бириктирген көп функционалдуу платформа.

Мессенджердин басма сөз кызматы билдиргендей, бул тиркеме өсүп жаткан орус-кытай туристтик агымына, ишкерлерге, контент жаратуучуларга жана чек ара кызматында иштеген компанияларга багытталган.