Бишкек, 19.06.25. /Кабар/. Россияда улуттук мессенджер түзүлөт. Бул тууралуу РИА Новости кабарлады.
Маалыматка караганда, күн мурун Россиянын Федерация кеңеши көп функциялуу санарип маалымат алмашуу платформасын түзүү жөнүндө мыйзамды жактырды.
Аны байланыш үчүн гана эмес, мамлекеттик кызматтарды алуу үчүн да колдонсо болот.
Колдонмонун өзгөчөлүктөрү:
- Жаңы санариптик платформа мессенджердин функцияларын жана мамлекеттик кызматтарды бириктирет;
- жарандар санарип ID аркылуу кагаз документтерин көрсөтпөстөн жеке маалыматтарын ырастай алышат;
- мамлекеттик жана муниципалдык бийлик органдары жарандар менен баарлашуу үчүн платформаны колдоно алышат;
- кызмат чет элдик мессенджерлерге коопсуз жана атаандаштыкка жөндөмдүү альтернативдүү жол.