Бишкек, 04.12.25. /Кабар/. Россияда Роскомнадзор балдар арасында популярдуу болгон Roblox оюн платформасына жеткиликтүүлүктү чектеди. Бул тууралуу "Интерфакс" Роскомнадзордун басма сөз кызматына шилтеме берип билдирди.
Роскомнадзордун маалыматы боюнча платформада экстремисттик материалдар, мыйзамга каршы аракеттерге чакырыктар, ЛГБТ тематикасы жана балдардын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсүнө терс таасир тийгизүүчү контент аныкталган.
Оюндун ичинде террордук акцияларды, мектепке кол салууну жана кумар оюндарын аткаруучу болууга шарттар түзүлгөн.
Ошондой эле оюнда балдар сексуалдык куугунтукка кабылышат, анткени Roblox педофилдер арасында популярдуу.
Платформанын ички модерация системасы тыюу салынган материалдардын таралышына толук көзөмөл жүргүзө алган эмес.
Роскомнадзор 2025-жыл бою Roblox администрациясына тыюу салынган материалдарды өчүрүү талабы менен эскертүүлөрдү жөнөткөн.