Бишкек, 24.10.25 /Кабар/. Россияда 1-ноябрдан баштап бир адамга 20 SIM-картадан ашык каттоо мүмкүнчүлүгү болбойт. Бул тууралуу ТАСС агенттиги кабарлады.
Агенттиктин маалыматына караганда, бул чектөө мобилдик байланыш аркылуу кылмыштуулуктун алдын алуу максатында кабыл алынган федералдык мыйзамдын жаңы жоболорунан келип чыгат, ал кийинки аптада күчүнө кирет.
Эгер лимит ашса, мобилдик операторлор кызмат көрсөтүүнү токтотушат. Россиянын Ички иштер министрлигинин маалыматтык-коммуникациялык технологияларды мыйзамсыз колдонууга каршы күрөшүү башкармалыгынан белгилешкендей, бир жарандын катталган SIM-карталарынын санын бир нече жол менен текшерүүгө болот.
«Эң жеңил жана ишенимдүү жол – “Госуслуги” порталы аркылуу. Өз профилиңизге кирип, “SIM-карталар” бөлүмүнө өтүңүз, паспортуңузга катталган бардык номерлердин тизмесин караңыз. Эгер тааныш эмес номерлер болсо – алардан баш тартыңыз. Бул кадамды түз “Госуслуги” аркылуу же байланыш салонунда жасаса болот. Эгер негизги номер көрүнбөсө, ал эски паспорт менен катталган болушу мүмкүн. Мындай учурда операторго кайрылып, маалыматтарды жаңыртыңыз», — деп билдирген башкармалык.