Россияда Лабубу оюнчуктарынан уулуу зат табылды

Дүйнө Загрузка... 05 Декабрь 2025 09:30
WhatsApp Image 2025-12-05 at 07.28.39.jpeg
copyright icon WWW

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 05.12.25 /Кабар/. Россияда Лабубу оюнчуктары сапат жана коопсуздук талаптарына ылайык текшерүүдөн өткөрүлүп, алардын бир үлгүсүндө уулуу зат табылды. Бул тууралуу Казинформ агенттиги жазды.

Маалыматка караганда, жалпы 13 оюнчук үлгүсү 53 көрсөткүч боюнча текшерилген. Алардын катарында уулуулук индекси, этикеткалоо, кездеме жана тигиш сапаты, ошондой эле токсикологиялык жана гигиеналык коопсуздук сыноолору болгон.

Үч этаптуу тестирлөөнүн жүрүшүндө бир оюнчукта адамдын ден соолугуна зыян келтириши мүмкүн болгон диоктилфталат заты табылган. Анын көлөмү 2,9 мг/л деңгээлинде чыгып, уруксат берилген чектен ашып кеткен.

Диоктилфталаттын зыяндуулугу эмнеде?

Бул зат, өзгөчө балдар жана кош бойлуу аялдар үчүн кооптуу. Ал репродуктивдик жана гормоналдык системага терс таасир бериши мүмкүн. Эстроген гормондорунун ишине кийлигишип, келечекте балдардын жыныстык өнүгүүсүнө таасир тийгизет. Ошондой эле неврологиялык көйгөйлөргө алып келиши ыктымал. Аталган оюнчукту узак убакыт колдонуу боор, бөйрөк ооруларына, аллергияга себеп болот.