Бишкек, 15.07.25. /Кабар/. Россиянын Тула облусунда суу сактагычтын жанындагы пляжда чагылган түшүп, үч адам каза болуп, дагы төрт оор жаракат алган. Бул тууралуу Синьхуа ТАССтын маалыматына таянуу менен маалымдады.
Россиянын Тергөө комитетинин Тула облусундагы башкармалыгынын маалыматына ылайык, каза болгондор боюнча иликтөө иштери башталган. Учурда окуянын чоо-жайы такталууда.
Мындан тышкары, Тула облусунун Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин башкармалыгынын маалыматы боюнча, Тула гидрометеорология жана айлана-чөйрөнү көзөмөлдөө борбору аймакта 1-3 саат аралыгында өткүн өтүп, күн күркүрөшү жана 16-июлдун аягына чейин катуу жаан-чачын болорун эскерткен.
Ошондой эле айрым райондордо шамалдын ылдамдыгы 12-17 секундасына метрге чейин жетери айтылган.
Адистер жарандарды аба ырайынын кескин өзгөрүшү учурунда ачык жерлерде болбоого чакырууда.