Россияда аскердик учак кырсыкка учурап, эки учкуч каза болду

Дүйнө Загрузка... 14 Ноябрь 2025 09:33
e74241bc-80f5-469f-8197-fc2a73ba8a32.jpeg

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 14.11.25 /Кабар/. Россияда Су-30 үлгүсүндөгү аскердик учак машыгуу учурунда кырсыкка учурап, эки учкуч каза болду. Бул тууралуу Казинформ агенттиги билдирди.

Маалыматка ылайык, кырсык Москва убактысы боюнча саат 19:00 чамасында, пландаштырылган машыгуу учурунда катталган. Учак ок-дарысыз учуп жаткан жана эл жашабаган, токойлуу аймакка кулаган. Натыйжада, экипаждын эки мүчөсү тең каза болду.

Карелия Республикасынын башчысы Артур Парфенчиков жабырлануучулардын жакындарына көңүл айтып, үй-бүлөлөрүнө зарыл болгон бардык жардам көрсөтүлөрүн убада кылды.

“Маркумдардын үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтам. Мамлекет тарабынан тиешелүү жардам көрсөтүлөт”,— деп жазган Парфенчиков Telegram-каналында.

Россиянын Коргоо министрлигинин билдиришинче, кырсык калк жашаган аймактардан алыс жерде болгондуктан, жергиликтүү тургундар арасында жабыркагандар жок.