Россия жана Украинанын сүйлөшүүлөрүнүн II айлампасы майдын аягында өтүшү мүмкүн

Дүйнө Загрузка... 23 Май 2025 17:13
WhatsApp Image 2025-05-23 at 16.46.43.jpeg
copyright icon WWW

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 23.05.25. /Кабар/. Россия жана Украина өлкөлөрүнүн сүйлөшүүлөрүнүн экинчи айлампасы майдын аягында өтүшү мүмкүн. Бул тууралуу ТАСС кабарлады.

Агенттиктин маалыматына караганда, учурда сүйлөшүүлөрдү Рим папасынын чакыруусу менен Ватиканда өткөрүү пландалууда. Бирок, Россия Стамбулду сүйлөшүүлөрдү улантуу үчүн эң жакшы вариант деп эсептейт.

Бул сүйлөшүүлөргө америкалык делегация да катышат, анын курамына АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио, ошондой эле Украина боюнча атайын чабарман Кит Келлог кирет.

Эске салсак, буга чейин жаңы Рим папасы Лео XIV Ватикандын аймагын сүйлөшүүлөр үчүн аянтча катары берүүгө даяр экенин билдирген. Бул демилгени АКШ президенти Дональд Трамп да кубаттаган.

16-майда Стамбулда Россия менен Украинанын сүйлөшүүлөрү өттү. 19-майда Россиянын президенти Владимир Путин менен Трамп эки сааттан ашык убакытка созулган телефон аркылуу сүйлөшүү жүргүзүп, анда биринчи кезекте Украинадагы жаңжалдан чыгуунун жолдорун талкуулашты. Андан соң Трамп бир катар европалык лидерлерге жана Владимир Зеленскийге телефон чалып, Путин менен болгон сүйлөшүүсүнүн жыйынтыгы тууралуу маалымат берген.