Бишкек, 04.11.25 /Кабар/. Москва менен Пекин тынчтык максатта пайдалануу жаатында атом энергиясы тармагындагы кызматташтыкты тереңдетүүнү жана анын алкагында жаңы атомдук электр станцияларын биргелешип куруу маселесин иштеп чыгууну пландашууда. Бул тууралуу Россия менен Кытай өкмөт башчыларынын 30-жолку жолугушуусунун жыйынтыгында кабыл алынган биргелешкен коммюникеде айтылат.
Документте белгиленгендей, тараптар термоядролук синтез, тез нейтрон реакторлору жана жабык ядролук отун цикли сыяктуу багыттарда кызматташууну кеңейтүүнү көздөшүүдө.
Ошондой эле, өз ара пайдалуулук жана кызыкчылыктардын тең салмактуулугу принциптеринин негизинде ядролук отун циклинин баштапкы этабында жана жаңы АЭСтерди биргелешип куруу жаатында “пакеттик” келишимдерди иштеп чыгуу пландалууда.
ТАСС агенттиги маалымдагандай, Россия жана Кытай Тяньвань АЭСи менен Сюйдапу АЭСинин курулушун улантып, аны белгиленген графикке ылайык аяктоону көздөшөт.