Бишкек, 22.12.25. /Кабар/. Ноябрь айында Россия Кытайга дээрлик 1 млрд долларлык алтын экспорттоду. Бул тууралуу Кытай бажысынын маалыматына таянып, Известия жазды.
Ага ылайык, өткөн айда Россия Кытайга 961 млн долларлык рекорддук көлөмдөгү алтынды саткан, бул эки тараптуу соодадагы эң жогорку көрсөткүч экени айтылды.
Россиядан Кытайга мындай ири көлөмдөгү жүк ташуулар октябрь айынан бери катталып келет, анда Кытайга 930 млн долларлык жүк сатылган.
2024-жылдын ушул эле мезгилинде алтын чыгарылган эмес, ал эми өткөн жылдагы жүк ташуулардын эң жогорку көрсөткүчү 223 млн долларды түзгөн.