Бишкек, 26.11.25. /Кабар/. Россия Кыргызстандын эң ири соода-экономикалык өнөктөштөрүнүн бири бойдон калууда. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров "Ынтымак Ордодо" Россия президенти Владимир Путин менен кеңири курамдагы жолугушуусунда айтты.
Анын айтымында, Евразия экономикалык биримдигинин алкагындагы кызматташтык көп багыттагы жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачууда.
"Биз Россиянын инфраструктуралык, энергетикалык, өнөр жай жана гуманитардык демилгелерди өнүктүрүүдөгү колдоосун жогору баалайбыз", - деди Садыр Жапаров.