Россия дагы 2239 украин аскеринин сөөгүн берүүгө даяр экенин билдирди

Дүйнө Загрузка... 17 Июнь 2025 11:50
WhatsApp Image 2025-06-17 at 10.39.57.jpeg
copyright icon WWW

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 17.06.25. /Кабар/. Россия Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн дагы 2239 жоокеринин сөөгүн Украинага өткөрүп берүүгө даяр экенин билдирди. Бул тууралуу РИА Новости Россиянын Коргоо министрлигинин маалыматына таянуу менен кабарлады.

“Биз Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн каза болгон дагы 2239 аскер кызматкерлеринин сөөгүн украин тарапка өткөрүп берүүгө даярбыз”,- деп белгилейт Коргоо министрлиги.

Эске салсак, май айынын соңунда Россия Украинага 1 212 аскердин сөөгүн берип, кайра 27 аскеринин сөөгүн алган.

Ал эми кийинки туткундарды алмашуу 2-июнда Стамбулда жетишилген орус-украин макулдашуусуна ылайык жүргүзүлгөн.

Бул ирет туткундагы 25 жашка чейинки аскерлер, жарадарлар жана ооруп жаткандар алмашылган. Ал эми Россиянын туткундан чыккан аскерлери учурда Беларуста экени айтылган.

Ал жактан аларга психологиялык жана медициналык жардамдар көрсөтүлөрүн, Россияга келгенде медициналык мекемелерде дарыланып, реабилитациядан өтүшөрү айтылган.