Бишкек, 29.07.25. /Кабар/. Россиянын өкмөтү 2025-жылдын 31-августуна чейин өлкө ичиндеги мунай продуктуларын өндүрүүчүлөргө бензин экспорттоого убактылуу тыюу салуу чечимин кабыл алды. Бул тууралуу Россиянын министрлер кабинетинин Telegram-каналында жарыяланган билдирүүсүнө таянуу менен, Казинформ агенттиги жазды.
Маалыматка караганда, мурда бул чектөө экспорт менен алектенген, бирок өндүрүүчү болбогон компанияларга гана тиешелүү болчу. Эми жаңы токтом менен өндүрүүчүлөр үчүн да экспорттук чектөө күчүнө кирди. Тиешелүү буйрукка өкмөт тарабынан кол коюлду.
Министрлер кабинетинин маалыматына караганда, мындай чара өлкөнүн ички күйүүчү май рыногунда, өзгөчө айыл чарба талаа иштери жүрүп жаткан учурда, туруктуулукту камсыз кылуу максатында кабыл алынган.
Токтом расмий жарыяланган күндөн кийин, 29-июлдан тарта күчүнө кирет.
Белгилей кетсек, Россиянын вице-премьер-министри Александр Новак буга чейин, эгер зарыл болсо, өкмөт бензин экспортун толук токтотууга, анын ичинде өндүрүүчүлөргө да чектөө киргизүүгө даяр экенин билдирген.
Ведомстволор мындай чечим кабыл алардан мурун рыноктогу кырдаалга талдоо жүргүзүшкөн.