Россия 2026-жылы Түндүк Кореяга көпүрө ачууну пландоодо

Дүйнө Загрузка... 05 Сентябрь 2025 16:55
WhatsApp_Image_2025_7n2L6R0.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon www

Бишкек, 05.09.25. /Кабар/. Россия Түндүк Кореяга жаңы көпүрөлөрдү курууну пландоодо. Туманная дарыясы аркылуу өтүүчү көпүрө 2026-жылы ачылышы керек, деп билдирди Владимир Путин Чыгыш экономикалык форумунда сүйлөп жатып.

Туманная дарыясы аркылуу көпүрө куруу боюнча келишимге 2024-жылдын июнь айында Россия Федерациясы менен Корея Элдик-Демократиялык Республикасынын өкмөттөрүнүн ортосунда кол коюлган. Автомобиль көпүрөсү азыркы темир жол көпүрөсүнө («Мост Дружбы») жакын курулат.

Маалым болгондой, учурда эки өлкөнү мамлекеттер ортосундагы жалгыз кургактагы транспорттук каттам болгон «Мост Дружбы» темир жолу байланыштырат.

Владимир Путин ошондой эле түз аба каттамдарын өнүктүрүү Корея Элдик-Демократиялык Республикасы менен мындан аркы жакындашууга жана Москва менен Пхеньяндын ортосундагы бекем байланыштарды орнотууга өбөлгө болоруна ишенимин билдирди.

Эске салсак, июль айынын аягында Москвадан Түндүк Кореяга биринчи түз каттам Пхеньянга конгон.