Родриго Пас Боливиянын президенти кызматына киришти

Дүйнө Загрузка... 10 Ноябрь 2025 13:24
WhatsApp Image 2025-11-10 at 13.21.03.jpeg

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 10.11.25 /Кабар/. Родриго Пас 2025–2030-жылдар аралыгында Боливиянын конституциялык президенти катары расмий түрдө ант берди. Бул тууралуу Казинформ агенттиги маалымдады.

Маалыматка караганда, инаугурация аземи Ла-Пас шаарындагы Көп улуттуу мыйзам чыгаруу сарайында өткөн.

“Бүгүн эл үчүн кызмат кылуунун жаңы доору башталды. Бул дүйнөгө ачылган жаңы Боливия”, – деген Пас инаугурация маалындагы кайрылуусунда.

Салтанаттуу иш-чарага 70тен ашуун мамлекеттин делегациялары, анын ичинде Аргентинанын президенти Хавьер Майли, Парагвайдын президенти Сантьяго Пенья, Уругвайдын президенти Яманду Орси, Чилинин лидери Габриэль Борич жана Эквадордун президенти Даниел Нобоа катышты.