Роботтор кыргыз тилинде кызмат көрсөтөт. Таласта ири оюн-зоок борбору курулууда

Аймак 1583 30 Январь 2026 17:30
whatsappimage20251002at1317223-65568de2eecb15487.00078669.jpg
whatsappimage20251002at131723-78968de2eecb292a8.71778910.jpg
whatsappimage20251002at1317222-81068de2eecb72e01.04334747.jpg
whatsappimage20251002at1317221-60468de2eecb701a0.71837993.jpg
whatsappimage20251002at1317232-31268de2eecb68252.66008058.jpg
whatsappimage20251002at1317231-29968de2eecb60f33.48578680.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Президенттин Талас облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 30.01.26. /Кабар/. Талас шаарында “Баластан” заманбап оюн-зоок борборунун курулушу активдүү жүрүп жатат.

Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, аталган оюн-зоок борбору Талас шаарынын Шамбетов көчөсү №70 дарегинде жайгашып, жалпы аянты 17 миң чарчы метрди түзөт.

“Баластан” оюн-зоок шаарчасынын алкагында инновациялык музейлер, лабиринттер, боулинг залы, кинотеатрлар, ошондой эле балдардын интеллектуалдык жана чыгармачылык жөндөмдөрүн өнүктүрүүгө багытталган борборлордун курулушу каралган. Долбоордун өзгөчө багыттарынын бири — жасалма интеллект менен жабдылган 5–6 роботту орнотуу. Бул багытта учурда Кытай тарап менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүүдө. Келечекте роботтор гид катары кыргыз тилинде кызмат көрсөтмөкчү.

Учурда кыш мезгилине карабастан, курулуш иштерине 115 адам тартылган.

IMG_1709.JPG

Белгилей кетсек, Талас облусунда жүрүп жаткан бардык ири курулуш объектилери Эгемендүүлүк күнүнө карата толук бүткөрүлөт.

Эске салсак, 2026-жылы Эгемендүүлүк күнү Талас облусунда республикалык деңгээлде белгиленет.