Roblox жаш куракты сүрөт аркылуу текшерүү системасын киргизди

Дүйнө Загрузка... 19 Ноябрь 2025 11:11
WhatsApp Image 2025-11-19 at 09.35.23.jpeg

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 19.11.25 /Кабар/. Roblox онлайн-оюн платформасы колдонуучулардын коопсуздугун күчөтүү максатында сүрөт аркылуу жаш куракты аныктоо функциясын ишке киргизди. Бул тууралуу Bloomberg агенттигине таянып, Известия билдирди.

Маалыматка ылайык, азырынча текшерүү ыктыярдуу түрдө жүргүзүлөт. Бирок, компания 2026-жылдын январынан тартып муну бардык колдонуучулар үчүн милдеттүү кылат. Колдонуучунун сүрөтү текшерүүдөн кийин дароо өчүрүлөт.

Иштеп чыгуучулар жаңы система платформанын коопсуздугун жогорулатууга жардам берет деп эсептешет. Roblox ошондой эле соңку бир жылда коопсуздук боюнча ондогон жаңыртууларды киргизгенин билдирди.