Рио-де-Жанейродо полициянын ири операциясында кеминде 64 адам каза болду

Дүйнө 862 29 Октябрь 2025 14:43
WhatsApp Image 2025-10-29 at 14.33.47.jpeg
WhatsApp Image 2025-10-29 at 14.33.47 (1).jpeg
Алдыга
Артка
WhatsApp Image 2025-10-29 at 14.33.47.jpeg
WhatsApp Image 2025-10-29 at 14.33.47 (1).jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon WWW

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 29.10.25. /Кабар/. Бүгүн Рио-де-Жанейро полициясынын Алемао жана Пенья фавелаларында "Кызыл командачылык" кылмыштуу тобуна каршы ири операциясы учурунда кеминде 64 адам өлүп, 81 киши камакка алынды. Бул тууралуу Синьхуа агенттиги кабарлады.

Маалыматка караганда, Рио-де-Жанейро штатынын өкмөтү бул операцияны шаардын тарыхындагы эң кандуу окуя деп атады.

Ага 2 миң 500дөн ашык милиция кызматкерлери катышты. Алар эки фавеладагы 26 жамаатка жайгаштырылды.

Учурда полиция операция уланып жатканын жана жарадарлардын саны өсүшү мүмкүн экенин билдирген.