Рим папасы Францискти акыркы сапарга узатуу зыйнаты 26-апрелде өтөт

Дүйнө Загрузка... 22 Апрель 2025 17:37
WhatsApp Image 2025-04-22 at 14.17.53.jpeg
copyright icon WWW

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 22.04.25. /Кабар/. Рим папасы Францискти акыркы сапарга узатуу зыйнаты 26-апрелде өтөт. Бул тууралуу “Казинформ” маалымат агенттиги жазды.

Маалыматка караганда, Рим папасын акыркы сапарга узатуу - бул кылдат жана салтанаттуу жөрөлгө, бирок 2024-жылдын апрелинде Франциск каада-салттарды бир топ жөнөкөйлөтүүгө буйрук берген.

Эске салсак, күн мурун Рим папасы Франциск 88 жашында инсульттан улам каза болгон.

Ага чейин ал 14-февралда курч респиратордук инфекция менен Римдеги Гемелли ооруканасына жаткырылган.

Кийин ага эки тараптуу пневмония диагнозу коюлган. Март айынын башынан бери анын абалы жакшырып, 23-мартта ооруканадан чыгарылган.

Ал Пасха майрамында динчилдердин алдына чыгып, Ватикандагы Ыйык Петр чиркөөсүнүн балконунан кол булгалаган. Муну менен катар ал Украина жана Газадагыларды тынчтыкка чакырган. Бул анын ооруканага жаткырылгандан бери беш жуманын ичинде биринчи жолу эл алдына чыгышы болгон.