Репродуктивдүү ден соолук — артыкчылыктуу багыт: Жаңы илимий борбор курулат

Ден соолук 5 март 2026 17:35
Репродуктивдүү ден соолук — артыкчылыктуу багыт: Жаңы илимий борбор курулат
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 05.03.26. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Бишкек шаарындагы Адамдын репродукциясы боюнча кыргыз илимий борборуна барды.

Адылбек Касымалиевге борбордун жаңы, заманбап имаратынын курулуш долбоору тааныштырылды.

Минкаб төрагасы улуттун репродуктивдүү ден соолугун коргоо стратегиялык артыкчылыктуу багыт экенин белгиледи.

Тиешелүү министрликтерге долбоордук-сметалык документтерди тез арада бүтүрүү жана долбоорду баштоо үчүн каржылоо булактарын аныктоо тапшырмасы берилди.