Рекорддук эрүү: Хектория мөңгүсү эки айда 8 чакырым артка жылды

Дүйнө Загрузка... 06 Ноябрь 2025 10:45
WhatsApp Image 2025-11-06 at 09.09.12.jpeg
copyright icon WWW

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 06.11.25 /Кабар/. АКШнын Колорадо штатындагы Боулдер университетинин изилдөөчүлөрү Антарктидадагы Хектория мөңгүсү эки ай ичинде 8 чакырымдан ашык артка жылганын аныкташкан. Бул тууралуу Казинформ агенттиги маалымдады.

Маалыматка ылайык, изилдөө мөңгүнүн геофизикалык маалыматтарына жана спутниктен тартылган сүрөттөргө негизделген.

Окумуштуулардын айтымында, мындай ылдам эрүү мөңгүнүн астындагы суунун басымынын жогорулашынан улам келип чыккан. Бул басым чоң муз катмарларынын жарылып, бөлүнүп кетишине алып келген.

Изилдөөчүлөр мындай процесстер Антарктиданын башка мөңгүлөрүндө да кайталанып, дүйнөлүк океандын деңгээлине олуттуу коркунуч жаратышы мүмкүн экенин эскертишет. Алар климаттын өзгөрүшүн так божомолдош үчүн Антарктиданын муз катмарларын мындан да терең изилдөө зарыл экенин белгилешти.

Изилдөөнүн жыйынтыктары Nature Geoscience илимий журналында жарыяланган.