Рамзан Кадыров кийинки шайлоого катышууга даяр экенин билдирди

Дүйнө Загрузка... 15 Декабрь 2025 09:25
8653206a-195e-4e02-a98e-d2f0c5e16e73.jpeg

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 15.12.25 /Кабар/. Рамзан Кадыров 2026-жылы Чечен Республикасынын башчысын шайлоого катышууга даяр экенин билдирди. Бул тууралуу ТАСС билдирет.

“Эгер мындай сунушту Россия президенти Владимир Путин киргизсе жана эл колдосо, мен шайлоого барууга даярмын”,-деген ал түз эфирде суроого жооп берип жатып.

Ошондой эле Кадыров бул олуттуу маселе экенин белгилеген.

“Мен бийликтен жана элге кызмат кылуудан бир топ эле чарчадым. Менимче, жаңы күчтөр, жаңы адамдар кызыктуураак болмок, башка адамдар келсе, абал дагы да жакшырат эле”, - деп кошумчалаган.

Белгилей кетсек, ал Чечен Республикасын 2007-жылдан бери башкарып келет.