Бишкек, 04.11.25. /Кабар/. Британиянын Улуттук Саламаттык сактоо кызматы үч жума жана андан көп убакытка созулган жөтөл рак оорусунун белгиси болушу мүмкүн экенин эскертти. Бул тууралуу Lenta.ru жазды.
«Мындай узакка созулган жөтөл өлүмгө алып келүүчү оору менен байланыштуу болушу ыктымал», — деп жазылат маалыматта.
Ошондой эле бул оорудан жыл сайын 33 миңден ашуун британ жарандары көз жумары айтылды.
Белгиленгендей, жөтөл көбүнчө COVID-19 же сасык тумоо сыяктуу көпчүлүк ооруларга мүнөздүү зыянсыз белгилердин бири болуп саналат. Бирок айрым учурларда ал өлүмгө алып келүүчү оорунун да белгиси болушу мүмкүн.