Путин Украина менен сүйлөшүү үчүн орус делегациясынын курамын бекитти

Дүйнө Загрузка... 15 Май 2025 10:35
WhatsApp Image 2025-05-15 at 06.45.10.jpeg
copyright icon WWW

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 14.05.2025. /Кабар/. Владимир Путин Украина менен сүйлөшүүлөргө катыша турган орус делегациясынын курамы тууралуу буйрукка кол койду. Бул тууралуу Казинформ кабарлады.

Буйрукка ылайык, Украина менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн Россия Федерациясынын делегациясынын төмөнкү курамы бекитилди:

  • Мединский В.Р.- өлкө башчынын жардамчысы (делегациянын башчысы);
  • Галузин М.Ю. - тышкы иштер министринин орун басары;
  • Костюков И.О. - Россия Федерациясынын Куралдуу күчтөрүнүн башкы штабынын башкы башкармалыгынын жетекчиси ;
  • Фомин А.В. - коргоо министринин орун басары.

Ал эми эксперттердин төмөнкү курамы бекитилди:

  • Зорин А.С.- Россия Федерациясынын Куралдуу күчтөрүнүн башкы штабынын башкармалыгынын маалымат боюнча башчысынын биринчи орун басары;
  • Подобревская Е.С. – президенттин администрациясынын башчысынын гуманитардык чөйрөдөгү мамлекеттик саясат боюнча орун басары;
  • Полищук А.А. - Тышкы иштер министрлигинин КМШ өлкөлөрү боюнча экинчи департаментинин директору;
  • Шевцов В.И. - Коргоо министрлигинин Эл аралык аскердик кызматташтык башкы башкармалыгынын башчысынын орун басары.

Эске салсак, буга чейин Дмитрий Песков орус делегациясы 15-майда Стамбулда украин өкүлдөрүн күтөрүн билдирген.