Бишкек, 23.05.25./Кабар/. Россия менен Украинанын чек арасында коопсуздук буфердик зонасын түзүү чечими кабыл алынды. Бул тууралуу Россиянын президенти Владимир Путин күн мурун Кремлдеги өкмөт мүчөлөрү менен болгон жыйында билдирген.
Жыйындын жүрүшүндө Россия президенти Курск, Белгород жана Брянск облустарында жабыркаган имараттарды калыбына келтирүү боюнча иштерди баштоо, ошондой эле жарандардын туулган айылдарына кайтып келүүсүнө жардам берүү керектигин белгилеген.
“Мындан тышкары, бардык транспорттук жана башка инфраструктураларды калыбына келтирип, өнөр жай жана айыл чарба ишканаларынын туруктуу иштешин камсыздап, ишкерлерди колдоо зарыл. Россиянын Экономикалык өнүгүү министрлигине президенттик администрациядагы кесиптештери менен бирге Курск, Белгород жана Брянск облустарынын жабыркаган аймактарын комплекстүү калыбына келтирүү боюнча программаны тез арада даярдоону тапшырам. Алар керектүү финансылык жана материалдык ресурстар менен камсыз болушу керек. Кошумча жабдуулар жана адистер, анын ичинде Федерациянын башка субъектилеринен да тартылышы керек”, - деп белгилеген өлкө башчысы өз сөзүндө.