Путин менен Трамптын сүйлөшүүлөрү дээрлик үч саатка созулду: азырынча келишим жок

Дүйнө Загрузка... 16 Август 2025 09:38
IMG-20250816-WA0003.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 16.08.25. /Кабар/. Алгач жекеме-жеке жолугушуу катары пландалган Россиянын президенти Владимир Путин менен АКШнын президенти Дональд Трамптын Анкоридж (Аляска штаты) шаарындагы «Эльмендорф-Ричардсон» аскердик базасындагы жолугушуусу «үчкө-үч» форматында өтүп, дээрлик үч саатка созулду. Бирок, азырынча кандайдыр бир келишим жок, - деп билдирет Kazinform агенттиги.

Жолугушуудан кийин тараптар биргелешкен маалымат жыйын өткөрүштү.

Маалымат жыйынынын аягында Путин кийинки жолугушууну Москвада өткөрүүнү сунуштады. Трамп бул кызыктуу суроо экенин айтып, сын-пикирлерге карабай, мындай мүмкүнчүлүк болушу ыктымалдыгын билдирди.

Эки тараптуу жолугушуудан кийин Путин Форт-Ричардсон мемориалдык көрүстөнүндө советтик жоокерлердин мүрзөлөрүнө гүл койду.