Бишкек, 17.03.26. /Кабар/. №6 үй-бүлөлүк медицина борборунун психиатры Борис Ли брифингде жашоо образы психикалык бузулуулардын пайда болуу коркунучун азайтууга жана психикалык ден соолукту сактоого кандай жардам берерин айтып берди.
Борис Ли психикалык бузулуулардын тобокелдигин кайсы жашоо образы төмөндөтөт деген суроого жооп берип жатып, тилекке каршы, бардыгы эле адамдан көз каранды эмес экенин белгиледи.
Анын айтымында, биопсихосоциалдык моделге ылайык, биз дарыгер тарабынан дайындалган медикаментоздук терапиясыз биологиялык факторлорго түздөн-түз таасир эте албайбыз. Ошондой эле бардык социалдык факторлорду, мисалы, жумушсуздукту, кирешенин аздыгын же үй-бүлөлүк зомбулукту көзөмөлдөө мүмкүн эмес. Бул жагдайлар пайда болгон психикалык бузулууларды андан ары курчутуп, "туюк айлампаны" жаратышы мүмкүн.
Ал кошумчалагандай, биздин колубуздан келген нерсе – мисалы, социалдык тармактардагы терс жаңылыктарды тынымсыз барактоону азайтуу. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун 2025-жылдагы маалыматтарына таянсак, социалдык тармактардагы терс маалыматтар психикалык бузулуулардын өрчүшүндө олуттуу роль ойнойт: адам сырткы окуяларга, анын ичинде башка өлкөлөрдөгү социалдык-саясий кырдаалга таасир эте албайт, бирок ошол эле учурда жаңылыктардан улам катуу тынчсызданууну баштан кечирет.
"Жүрүм-турумдун активдешүүсү деп аталган терапиялык ыкма бар. Мен "депрессиядан арылуу үчүн жөн эле жумушка барып, өзүңдү алаксытуу жетиштүү" деген пикирди туура эмес деп эсептейм. Жүрүм-турумдук активация – бул эс алуу, мурунку кызыгууларды (хобби) табуу же калыбына келтирүү, сейилдөө жана социалдашууга умтулуу. Мына ушунун баары психикалык ден соолукка оң таасирин тийгизет жана терапиялык натыйжа бере алат", – деп түшүндүрдү адис.