Профессор: Заманбап жабдыктар жана ЖИ өмүрлөрдү сактап калууда

Ден соолук Загрузка... 26 Март 2026 16:36
4.webp
copyright icon Кабар

Бишкек, 26.03.26. /Кабар/. Кыргызстанда рентгенэндоваскулярдык хирургия тез өнүгүп, заманбап технологиялар жигердүү киргизилүүдө. Бул тууралуу Улуттук кардиология жана терапия борборунун бөлүм башчысы, профессор Мурат Дадабаев билдирди.

Анын айтымында, учурда өлкөдө клапан патологиясын жана структуралык ооруларды эндоваскулярдык дарылоо иштери башталган. Тубаса жүрөк кемтиктери да көп жылдардан бери дарыланып келет.

"Мурда бул операциялар сейрек жасалса, бүгүнкү күндө бардык борборлордо бул процедуралар активдүү жүргүзүлүп, бейтаптардын саны артууда", — деп белгиледи ал.

Дадабаев белгилегендей, өкмөттүн колдоосу менен курч кармаган миокард инфаркты менен ооруган бейтаптарды тейлөө бир топ жакшырды. Өткөн жылы 4 миңден ашык операция жасалды. Мындай бейтаптар борборго кабыл алынып, негизинен акысыз дарыланып жаткандыктан, кайрылгандардын агымы көбөйгөн.

"Ошондой эле алгачкы жолу өзү сорулуп кетүүчү стенттер коюла баштады. Мындан тышкары, тамырдын ичин УЗИ (ультра үн изилдөөсү) аркылуу изилдөө ыкмасы колдонулууда. Жаңы жабдыктар жасалма интеллекттин жардамы менен эсептөөлөрдү автоматтык түрдө жүргүзүп, дарыгерге стент коюу зарылчылыгы боюнча так чечим кабыл алууга көмөктөшөт. Быйыл Талас, Балыкчы жана Нарын шаарларында жаңы ангиографиялык лабораториялар ачылат. "Саламат жүрөк" программасынын алкагында 2030-жылга чейин аймактарга дагы 7 аппарат орнотулат", — деди ал.

Профессор инфаркт учурунда алгачкы 2 сааттын ичинде жардам көрсөтүү маанилүү экенин баса белгиледи. Артерияны канчалык тез ачып, стент койсо, бейтаптын өмүрүн сактап калуу жана майыптыктан коргоо мүмкүнчүлүгү ошончолук жогору болот.