Президенттин "Улут деми — Уңгу жол" аттуу китебинин бет ачары өттү

Маданият 07 Октябрь 2025 20:00
FB_IMG_1759845394175.jpg
FB_IMG_1759845397478.jpg
FB_IMG_1759845399945.jpg
FB_IMG_1759845402857.jpg
FB_IMG_1759845405344.jpg
FB_IMG_1759845407526.jpg
FB_IMG_1759845410476.jpg
FB_IMG_1759845412705.jpg
FB_IMG_1759845418363.jpg
FB_IMG_1759845423027.jpg
FB_IMG_1759845427774.jpg
FB_IMG_1759845431748.jpg
Алдыга
Артка
FB_IMG_1759845394175.jpg
FB_IMG_1759845397478.jpg
FB_IMG_1759845399945.jpg
FB_IMG_1759845402857.jpg
FB_IMG_1759845405344.jpg
FB_IMG_1759845407526.jpg
FB_IMG_1759845410476.jpg
FB_IMG_1759845412705.jpg
FB_IMG_1759845418363.jpg
FB_IMG_1759845423027.jpg
FB_IMG_1759845427774.jpg
FB_IMG_1759845431748.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги

Бишкек, 07.10.25. /Кабар/. Бүгүн Улуттук илимдер академиясынын конференц-залында президент Садыр Жапаровдун "Улут деми — Уңгу жол (Тандалган сөздөр)" аттуу китебинин бет ачар аземи өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Иш-чарага мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, окумуштуулар, чыгармачыл интеллигенциянын өкүлдөрү, ЖОЖдордун студенттери жана массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышты.

Бет ачарды президенттин кеңешчиси Арслан Койчиев ачып, “Кыргыз Туусу” гезитинин башкы редактору Алмаз Кулматов китепти жарыкка чыгаруу идеясы, максаты жана мазмуну тууралуу учкай маалымат берди.

Мамлекеттик катчы Марат Иманкулов бул чыгарма мамлекет башчысынын идеялары менен көз караштарын жыйынтыктаган, коом үчүн маанилүү руханий мурас экенин белгиледи.

Маалымат үчүн: "Улут деми — Уңгу жол (Тандалган сөздөр)" китеби — президент Садыр Жапаровдун ар кыл маектеринин, кайрылууларынын жана ойлорунун топтому болуп, анда мамлекеттүүлүк, улуттук баалуулуктар, коомдун биримдиги жана өнүгүүнүн багыттары тууралуу ой толгоолор камтылган.

Мамлекет башчысынын тарыхый, саясий, идеологиялык мааниси зор тандамал сөздөрү мамлекеттик кызматкерлер менен коомдук ишмерлерге, илимпоздор менен жаштарга жана жалпы эле окурмандардын кеңири чөйрөсүнө арналган.

Жыйнактын демилгечилери: Кыргыз эл жазуучусу Арслан Койчиев, “Кыргыз Туусу” гезитинин башкы редактору Алмаз Кулматов жана президенттин администрациясынын кызматкери Нурбек Асаналы уулу, китептин башкы редактору - белгилүү адабиятчы Кемел Белеков.

Китеп “Кыргыз Туусу” басма үйү тарабынан даярдалып, “Имак-офсет” басмаканасында басып чыгарылды.