Бишкек, 25.03.25. /Кабар/. Президенттин Иш башкармалыгы алардын жана башка мекемелеринин атын колдонгон шылуундар көбөйгөнүн эскертип, жарандарды сак болууга чакырды.
Башкармалыктан маалымдашкандай, белгисиз адамдар жарандарга өздөрүн президенттин Иш башкармалыгынын карамагындагы мекемелердин жетекчилери же кызматкерлери катары тааныштырып, телефон чалып же билдирүүлөрдү жөнөтүүдө.
Мындай аракеттердин мекемеге эч кандай тиешеси жок экендиги айтылды. Анткени башкармалыктын жана анын түзүмдүк бөлүмдөрү расмий эмес чалуулар же билдирүүлөр аркылуу иш жүргүзбөй тургандыгы белгиленди.
Буга байланыштуу президенттин Иш башкармалыгы жарандарды сак болууга жана алдамчылардын амалдарына алданбоого чакырат. Шек жараткан кайрылуулар болсо, укук коргоо органдарына дароо билдирүү керектиги сунушталды.