Президенттин Ош облусуна болгон сапары, бир нече райондорду кыдырып, жергиликтүү тургундар менен түздөн-түз баарлашуусу аймактагы жетекчилердин ишиндеги бир топ кемчиликтерин ачыкка чыгарды. Акимдер жана айыл өкмөттөрүнүн башчылары, дайыма эле өз милдеттерин аткара алышпайт, көп учурда коомчулуктун кайрылууларын жана өтүнүчтөрүн этибарга алышпайт. Натыйжада, коомчулук өкмөткө, айрым учурда түз эле президентке кат жазууга аргасыз болот. Мындай баарлашуулар, кайда кемчиликтер бар экенин жана жергиликтүү жетекчилердин аткарып жаткан ишин так көрсөтөт.

Оштогу жергиликтүү тургундар менен болгон биринчи жолугушуусунда президент Садыр Жапаров мамлекет башчысы менен өз көйгөйлөрүн бөлүшкүсү келген ар бир адамды, жыйындар залына киргизүүнү талап кылды. Жыйынтыгында реалдуу көрүнүш жетекчилердин отчетторунда чагылдырылгандан кыйла эле айырмаланары ачыкталды. Айрым учурларда жетекчилер турак жай шарттарын жакшыртуу үчүн жерди муктаж болгондордун арасында бөлүштүрүүдө этибарга албай койгон учурлар же бузулган үйлөр үчүн кенемтелер кечеңдеп жатканы же жергиликтүү бийлик органдары тарабынан бирдей компенсация төлөө боюнча алгачкы убадалар аткарылбай жатканы айтылды. Ал эми облустук жана райондук борборлордон алыс жайгашкан айылдарда тургундар эң жөнөкөй маселелерди чечүү үчүн кайда кайрылууну да билишпегендиктен, президент менен жолугушууларга барууга аргасыз болуп жатышат. Бир айылда таштанды ташуучу унаа жок, ал эми экинчисинде бир нече жылдан бери мектеп курулбай келет. Ал эми мамлекет башчысы бул кемчиликтердин ар бирин жеринде чечип, кризиске каршы чечимдерди тез арада кабыл алышы керек.

Эксперттер белгилешкендей, Ош облусуна болгон сапар жергиликтүү бийликтин системалуу кемчиликтерин ачыкка чыгарып, аткаминерлер эң алсыз экенин көрсөттү. Мындан тышкары, саясат таануучулар бул көйгөй бир гана аймакка гана тиешелүү эмес экенин, эгер президент Нарын, Талас же Ысык-Көл облустарына барса да ушундай жагдайларды көрүүгө болот деп ишенимдүү айтышат. Ошондуктан мамлекет башчысы азыр аймактарга барып, кырдаалды түшүнүү үчүн тургундар менен баарлашып жатат.
Саясат таануучулардын пикиринде, мамлекеттик башкаруу системасындагы эң алсыз звено - бул жетиштүү компетенттүүлүгү жок орто деңгээлдеги аткаминерлер жана алардын айынан өлкө өнүгүүсүндө тоскоолдуктар жаралат.
Эдил Марлис уулунун айтымында, Кыргызстанга тез арада компетенттүү кадрлар керек. Алар өз милдеттерин аткара албай жаткандарды алмаштырышы керек, анткени Кыргызстанда өнүгүүнүн жаңы деңгээлине жетүү милдети турат, ошондо ар бир жетекчинин кемчилигинин баасы абдан жогору болот.

“Биз бир нече ондогон жылдар бою жүргүзүлгөн кадр саясатынын жемишин көрүп жатабыз. Кызмат орундары тууган-туушкандарга, кайын журттарга, досторго, жердештерге жана башкаларга бөлүштүрүлө баштаганда, жетекчилердин кесиптик деңгээли кескин төмөндөй баштаган. Ошондуктан мэрдин, акимдин же айыл башчысынын миссиясы аларды бул маанилүү кызматка ким дайындаса, ошого жагуу болчу. Өлкө учурда бул көрүнүш менен күрөшүп жатат, бирок өткөндөн калган нерседен арылуу оңой эмес. Ортоңку деңгээлдеги жетекчилердин психологиясы али өзгөрө элек, кээде алар калкка көйгөйдү чечүүгө чындап жардам бергенден көрө, аны жашыруу ыңгайлуураак деп эсептешет.
Өлкөнүн ушундай режимде башкаруу абдан кыйын. Өкмөттө президенттин жарлыктарынын жана министрлер кабинетинин чечимдеринин аткарылышын көзөмөлдөөчү ыйгарым укуктуу атайын бөлүмдөрү бар, бирок кээде биз акыры бул иштебей турганын көрөбүз. Бул жерде системалуу кайра карап чыгуу, менталитеттин өзгөрүшү зарыл деп эсептесек болот. Ансыз биз үчүн кыйын болот", - дейт Эдил Марлис уулу.
Коомдук жана саясий ишмер Зайнидин Курманов ар кандай системаны кайра карап чыгуу, айрыкча мамлекеттин туруктуулугун жана ийгилигин камсыз кылган башкаруу институттарына келгенде татаал процесс деп эсептейт, Президент аймактардагы чиновниктердин кандай иштээрин өз көзү менен көрдү, ошондуктан эми сөзсүз түрдө жыйынтык чыгарат.

"Көптөн бери эч ким мындай форматта, түз эфирде жарандардын түздөн-түз суроолоруна жооп берген эмес. Адатта, даярдалган көрүүчүлөр отургузулуп, андан кийин сценарий боюнча иш алып барылат, ал эми журналисттер баары жакшы өткөнүн жазышат. Бирок, мамлекет башчысы менен болгон бул жолугушуу башка деңгээлди жана иштин чыныгы абалы таптакыр башкача экенин көрсөттү.
Мындан бир гана тыянак чыгарууга болот - президент башкаруунун өзүн-өзү уюштуруу системасын түзөт. Бул реформаларды улантуу үчүн негизги стимул болушу керек. Көп жылдар бою коом жана мамлекет коррупция жана бюрократиядан жабыр тартып келген. Дал ушул жергиликтүү лидерлердин алсыздыгынын жана демилгесиздигинин негизги себептеринин бири.
Президент канчалык күчтүү болбосун, баарын көзөмөлдөп, бир эле учурда бир нече аймактардагы кырдаалды кол менен оңдой албайт. Бизге жогору жактан келген буйруктар менен эмес, Конституция жана мыйзамдардын негизинде программалардын жана долбоорлордун алкагында өз көйгөйлөрүн чечүүчү жаңы жана натыйжалуу өзүн-өзү уюштуруу жана башкаруу институттары керек”, - деп белгиледи Зайнидин Курманов.
Саясат таануучулар кадрдык өзгөрүүлөр гана эмес, ошондой эле бүтүндөй вертикалдык бийлик түзүмүндө чоң өзгөрүүлөр болот деп ырастап жатышат, алар жоопкерчиликти өзүнө алууга, жарандардын негизги муктаждыктарын канааттандырууга жана көйгөйлөрдү чечүүгө жөндөмдүү кесипкөй башкаруучуларга негизделиши керек.