Бишкек, 31.10.25 /Кабар/. Президенттик стипендияны алуу менин эң чоң кыялдарымдын бири болчу. Бул тууралуу президенттик стипендия тапшыруу аземинде Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин 4-курсунун студенти Айжаркын Төлөнова билдирди.
“Президенттик стипендия менин көптөн берки максаттарымдын бири болчу. Жалып республикалык тестирлөөнү тапшырганда алтын сертификат алам деп аракет кылгам, бирок тилекке каршы, ал максатым ишке ашпай калган. Ошондон тарта бул стипендияга жетүүнү көздөп, аракет кыла баштадым.
Стипендия алган студенттердин баракчаларын карап, алардын өмүр таржымалдарын, эмгектерин изилдеп, өзүмө “мен дагы эмне кылсам ушул сыйлыкка татыктуу болом?” деген суроону койгом. Үч-төрт жыл тынымсыз аракет кылдым. Көптөгөн тоскоолдуктар, талыкпаган эмгек, үзгүлтүксүз изденүү болду. Бул жолдо мен өзүм үчүн чоң тажрыйба топтодум, көптөгөн мыкты инсандар менен тааныштым. Президенттик стипендия мага жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачты”, — деди ал.