Кара-Кече ЖЭБинин курулушу жакында башталат

Президент Загрузка... 23 Июнь 2026 13:35
image-02-06-26_P8thR1X.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
copyright icon www

Бишкек, 23.06.26. /Кабар/. Жумгал районунда Кара-Кече жылуулук электр борборунун курулушу башталат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн, 23-июнда Нарын облусуна болгон иш сапарынын алкагында Жумгал районунун тургундары менен жолукканда билдирди.

Мамлекет башчысы белгилегендей, бул долбоор аймактын гана эмес, өлкөнүн энергетика секторунун өнүгүшүнө өбөлгө болот.

“Энергетикалык потенциалы жогору болгон Жумгал районунда учурда 1200 мегаваттык Кара-Кече жылуулук электр борборунун курулушун баштоо алдында турабыз. Буюрса, долбоор ишке ашканда, аймактын энергетикалык коопсуздугу бекемделгенден тышкары, өлкөнүн энергетика секторунун өнүгүшүнө өбөлгө болмокчу”, - деди Садыр Жапаров.