Бишкек, 29.07.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзамга кол койду.
Мыйзам 2026-жылдын 24-июнунда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.
Мыйзам жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндөгү укуктук жөнгө салууну өркүндөтүү, жергиликтүү жамааттын ишин уюштурууну жөнгө салуучу мыйзамдардын айрым ченемдерин тактоо, ошондой эле үй-бүлөлүк жана маркумдарды эскерүү иш-чараларын тартипке келтирүү боюнча чараларды ишке ашыруу максатында иштелип чыгып, кабыл алынган.
Тактап айтканда, мыйзам менен КР "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" мыйзамынан курултайлар жөнүндө эскертилген жоболорду алып салуу, ошондой эле жергиликтүү курултайлардын ишин жөнгө салган 62-беренени күчүн жоготту деп таануу каралат. Бул өзгөртүүлөр укуктук жөнгө салуунун кайталанышын жоюу, карама-каршылыктарды четтетүү жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында курултай институтун бирдей түшүнүүнү камсыз кылуу максатында сунушталууда.
Мындан тышкары, жогорудагы кабыл алынган мыйзам менен көрсөтүлгөн мыйзамдын 45 жана 52-беренелерин жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын үй-бүлөлүк жана маркумдарды эскерүү иш-чараларын тартипке келтирүү боюнча чараларды ишке ашырууга көмөк көрсөтүү боюнча ыйгарым укуктарын караган жаңы пункттар менен толуктоо каралат.
Ошондой эле мыйзам менен көрсөтүлгөн мыйзамдын 56-беренесинин 1-бөлүгүн өзүнчө жайгашкан айыл аймагынын калктуу конуштарында айыл башчысынын кызмат ордун айыл өкмөтүнүн башчысынын чечими боюнча киргизүүнүн тартибин тактоо максатында жаңы редакцияда баяндоо каралат.
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.