Президент Садыр Жапаровдун Өзбекстанга болгон иш сапары аяктады

Президент 1949 17 Ноябрь 2025 08:30
582820143_1398358162298814_4095042036346700776_n (1).jpg
579662701_1398358958965401_5944192396088182708_n.jpg
581962196_1398399605628003_1051787498357934596_n.jpg
582425992_1398359335632030_7406389489415234986_n.jpg
582436908_1398358608965436_6417007363647508929_n.jpg
582555720_1398358572298773_6636492798953284615_n.jpg
582639089_1398358268965470_9210560084616091458_n.jpg
582747102_1398358672298763_4398076048702384515_n.jpg
582805935_1398359228965374_897969812644721424_n.jpg
582913207_1398359338965363_8633210638511890808_n.jpg
583021800_1398358175632146_6722823218456762179_n.jpg
583115332_1398358702298760_7484596232832000492_n.jpg
583204764_1398358918965405_813169633543667897_n.jpg
583240138_1398359362298694_1337300824755613232_n.jpg
583717839_1398399592294671_6508188800901810770_n.jpg
583831570_1398359105632053_8447272734087894965_n.jpg
584025607_1398359048965392_3091646417115599630_n.jpg
584092827_1398359225632041_8530715842138292233_n.jpg
584120928_1398358888965408_1356218115130404433_n.jpg
584247144_1398358195632144_375427084034650682_n.jpg
584260020_1398358742298756_4755012600402244180_n.jpg
584317677_1398358802298750_5258518194851524035_n.jpg
584523946_1398359052298725_226975406612066669_n.jpg
584545402_1398359198965377_5409764399717563075_n.jpg
584556007_1398358318965465_1242094910700847403_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 17.11.25. /Кабар/. Президент Садыр Жапаровдун 15-16-ноябрда Өзбекстанга болгон иш сапары аяктады.

Сапардын биринчи күнүндө мамлекет башчысы Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

Тараптар кыргыз-өзбек кызматташтыгын мындан ары да чыңдоо маселелерин талкуулашты, анын ичинде саясий диалогду өнүктүрүү, соода-экономикалык байланыштарды чыңдоо, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу, ошондой эле эки өлкөнүн ортосундагы ишеним жана ынак коңшулук мамилелерди бекемдеген маданий-гуманитардык байланыштарды кеңейтүү маселелери каралды.

Андан соң Садыр Жапаров Ташкент шаарындагы Ислам цивилизациясы борборуна барды. Региондун лидерлерине ислам илиминин, маданиятынын жана агартуусунун өнүгүшүнө Борбордук Азия элдеринин көп кылымдык салымын чагылдырган кол жазмалардын, артефакттардын жана уникалдуу экспонаттардын бай коллекциясы тааныштырылды.

Мамлекет башчысы сапардын экинчи күнүндө Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын жетинчи консультативдик жолугушуусуна катышып, сөз сүйлөдү.

Ал чөлкөмдө ишенимди жана биримдикти чыңдоонун маанилүүлүгүн белгилеп, Борбор Азия өлкөлөрүнүн эл аралык аянтчалардагы позицияларын координациялоо зарылдыгын белгиледи. Президент транспорттук инфраструктурага токтолуп, "Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан" темир жолун жана башка транзиттик долбоорлорду куруунун стратегиялык маанисин баса көрсөтүп, ошондой эле ташууларды жөнөкөйлөтүү үчүн бирдиктүү электрондук платформа түзүүнү сунуштады.

Андан соң мамлекет башчылар бир катар көп тараптуу документтерге, анын ичинде Борбордук Азия мамлекеттеринин башчыларынын БУУнун мүчө-мамлекеттерине Кыргыз Республикасынын БУУнун Коопсуздук кеңешинин 2027-2028-жылдарга туруктуу эмес мүчөлүгүнө талапкерлиги боюнча кайрылуусуна кол коюшту.

Өзбекстанга болгон иш сапарын аяктаган соң президент Садыр Жапаров 16-ноябрда Бишкек шаарына кайтып келди.