Президент Садыр Жапаровдун АКШга болгон иш сапары аяктады

Президент 1059 08 Ноябрь 2025 10:00
photo_5219990045270413552_y (1).jpg
photo_5219990045270413573_y.jpg
photo_5219990045270413572_y.jpg
photo_5219990045270413571_y.jpg
photo_5219990045270413570_x.jpg
photo_5219990045270413569_y.jpg
photo_5219990045270413568_y.jpg
photo_5219990045270413567_y.jpg
photo_5219990045270413566_y.jpg
photo_5219990045270413565_y.jpg
photo_5219990045270413564_y.jpg
photo_5219990045270413563_y.jpg
photo_5219990045270413562_y.jpg
photo_5219990045270413561_y.jpg
photo_5219990045270413560_y.jpg
photo_5219990045270413559_y.jpg
photo_5219990045270413558_y.jpg
photo_5220195061239319300_y (1).jpg
photo_5219990045270413557_y.jpg
photo_5219990045270413556_y.jpg
photo_5219990045270413555_y.jpg
photo_5219990045270413554_y.jpg
photo_5219990045270413553_y.jpg
Алдыга
Артка
photo_5219990045270413552_y (1).jpg
photo_5219990045270413573_y.jpg
photo_5219990045270413572_y.jpg
photo_5219990045270413571_y.jpg
photo_5219990045270413570_x.jpg
photo_5219990045270413569_y.jpg
photo_5219990045270413568_y.jpg
photo_5219990045270413567_y.jpg
photo_5219990045270413566_y.jpg
photo_5219990045270413565_y.jpg
photo_5219990045270413564_y.jpg
photo_5219990045270413563_y.jpg
photo_5219990045270413562_y.jpg
photo_5219990045270413561_y.jpg
photo_5219990045270413560_y.jpg
photo_5219990045270413559_y.jpg
photo_5219990045270413558_y.jpg
photo_5220195061239319300_y (1).jpg
photo_5219990045270413557_y.jpg
photo_5219990045270413556_y.jpg
photo_5219990045270413555_y.jpg
photo_5219990045270413554_y.jpg
photo_5219990045270413553_y.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 08.11.25. /Кабар/. Президент Садыр Жапаровдун 5-6-ноябрда Америка Кошмо Штаттарына болгон иш сапары аяктады.
Сапардын биринчи күнүндө мамлекет башчысы «Эндрюс» авиабазасына конду.

Экинчи күнү Садыр Жапаров АКШ Сенатынын эл аралык мамилелер боюнча комитетинин башчысы Жеймс Риш жана Конгресстин сенаторлору менен жолугушту.

Саясий жана парламенттер аралык кызматташтык маселелери, ошондой эле өлкөлөрдүн соода-экономикалык жана инвестициялык чөйрөлөрдөгү өз ара аракеттенүүсү талкууланды.

Андан ары президент Садыр Жапаров АКШнын президенти Дональд Трамп менен Вашингтондогу Ак үйдө сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

Лидерлер жогорку деңгээлдеги конструктивдүү диалог өз ара аракеттенүүнүн мындан ары өнүгүшүнө жана биргелешкен демилгелердин ишке ашырылышына өбөлгө түзөрүнө ишеним билдиришти.

Андан соң Борбор Азия мамлекеттеринин башчылары жана АКШнын президенти С5+1 саммитине катышты.

Иш-чаранын алдында Садыр Жапаров басма сөз каражаттары үчүн билдирүү жасады.

Ал биргелешкен аракеттер конкреттүү натыйжаларды берерине жана өлкөлөрдүн өз ара пайдасына өбөлгө түзөрүнө ишенимин билдирди.

Мамлекет башчысы саммитте сүйлөгөн сөзүндө бул иш-чара айыл чарба, электрондук коммерция, маалыматтык технологиялар, транспорт жана логистика, туризм, банк-финансы чөйрөсү сыяктуу багыттар боюнча кызматташтыкты кеңейтүү үчүн уникалдуу мүмкүнчүлүк берерине ишенимин билдирди.

Америка Кошмо Штаттарына болгон иш сапарын аяктаган соң, президент Садыр Жапаров 7-ноябрда Бишкек шаарына кайтып келди.