"Президент Садыр Жапаров – жаңы Кыргызстандын жаратманы" аттуу китеп жарык көрдү

Маданият 05 Декабрь 2025 17:00
1.jpg
593566926_1296630345844040_6200466688104061872_n.jpg
594067465_1296630339177374_1118046454808563599_n.jpg
594070072_1296630342510707_5448702071205798995_n.jpg
Алдыга
Артка
1.jpg
593566926_1296630345844040_6200466688104061872_n.jpg
594067465_1296630339177374_1118046454808563599_n.jpg
594070072_1296630342510707_5448702071205798995_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Агартуу министрлиги

Бишкек, 05.12.25. /Кабар/. Бүгүн президентке караштуу Улуттук илимдер академиясында саясат таануу илимдеринин доктору, профессор Жумагул Сааданбековдун "Президент Садыр Жапаров – жаңы Кыргызстандын жаратманы" аттуу китебинин бет ачары өттү. Бул тууралуу Агартуу министрлигинен билдиришти.

Иш-чарага мамлекеттик катчы Арслан Койчиев, президенттин кеңешчиси Марат Иманкулов, агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева, академиктер жана коомдук ишмерлер катышты.

"Лидерлер басып өткөн жолу, күчтүүлүгү, эрктүүлүгү менен айырмаланат. Илимий-далилдүү фактылар менен жазылган бул китебиңиз абдан таң калтырды. Сиз Кыргызстандын басып өткөн тарыхын, экономикасын талдап бердиңиз. Жаштар лидерлердин ишин, жашоосун жакшы билүүсүнө мыкты курал экен", - деди Догдуркүл Кендирбаева.

Китепте президент Садыр Жапаровдун балалык жана өспүрүм кезинен тартып, өз алдынча жасаган алгачкы кадамдары, мамлекетти башкаруунун оптималдуу моделин издөө жолу, жүргүзгөн реформалары жана жетишкендиктери тууралуу баяндалат.