Президент Садыр Жапаров Ысык-Көл облусунда Түп–Кеген жолун ачты

Президент 1134 29 Сентябрь 2025 14:29
556385938_1351709210297043_3377052530287151979_n.jpg
556692036_1351709103630387_4019181754051090925_n (1).jpg
555568523_1351709206963710_5520612027407198393_n.jpg
556241278_1351709003630397_4671280775733324466_n.jpg
555732881_1351708693630428_1055666283432929752_n.jpg
557401605_1351709163630381_2097923874979267998_n.jpg
555475902_1351708783630419_7463355651016841907_n.jpg
555815187_1351709056963725_1042628747198404785_n.jpg
556019544_1351708953630402_674146494595246651_n.jpg
555661736_1351708836963747_6859537491345168411_n.jpg
555564622_1351708736963757_2680871716812498457_n.jpg
555508350_1351708670297097_6056441889427523293_n.jpg
556023772_1351709093630388_2884473389322351941_n.jpg
555604057_1351708603630437_1079641093102316357_n.jpg
555475002_1351709050297059_8257292850309869502_n.jpg
555618362_1351708886963742_5634457910507484314_n.jpg
555605144_1351708876963743_8285338307847228633_n.jpg
555903940_1351708726963758_1375070795969263350_n.jpg
555947339_1351708846963746_6497877120358335360_n.jpg
555917423_1351708996963731_2435097718865971468_n.jpg
555993358_1351709156963715_1335700818410840979_n.jpg
556067898_1351708943630403_910707748634767324_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 29.09.25. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 29-сентябрда Ысык-Көл облусунун Түп районунда Түп–Кеген жолунун ачылыш аземине катышты.

Мамлекет башчысы бардык жакшы ой-максаттарыбыз дал ушул өнүгүүнү өзөгүн түзгөн жолдорубуздун жакшырышы менен иш жүзүнө ашарын белгиледи. “Авто жол жакшы салынган жерде алака-катыш жанданып, соода, экономика өнүгүп, туризм өсүп, элдин жашоо-турмушу жогорулайт”, - деди ал.

Садыр Жапаров айыл болобу, облус болобу же республика болобу, башталган чегин, астанасын аттаганда эле кадам таштаган жолуна жараша баа берилерин, ой-пикир жараларын өзгөчө белгиледи. Ал мына ошондуктан, акыркы жылдары республикабыздын бардык аймактарында жол тармагына кеңири көңүл бөлүп, бул тармактын өнүгүүсүнө тиешелүү шарттарды түзүүнүн аракети көрүлүп жатканын ырастады.

Президент бүгүнкү күнү өлкөбүздүн булуң-бурчунда заманбап, сапаттуу жолдорду куруу иштери кызуу жүрүп жатканын айтты. Буга байланыштуу ал бир катар ири долбоорлор мамлекеттик бюджеттин эсебинен курулуп жатканын баса белгиледи. Алсак, үстүбүздɵгү жылы салынып жаткан жолдордун дээрлик 80 пайыздан ашыгы мамлекеттик бюджеттин эсебинен ишке ашууда.

Ошентип, Садыр Жапаров жол тармагына өзгөчө көңүл буруп, чоң колдоо көрсөтүлүп жатканын белгиледи. Буга 2021-жылдан бүгүнкү күнгө чейин транспорт жана жол тармагына 102 млрд сомдон ашык каражат бөлүнгөндүгү айкын мисал.

Мамлекет башчысы өзгөрүүлөр урбанизация процесстерин азайтууга жана туура жолго салууга шарт түзөрүнө ишеним артты. Айылдын эли чоң-чоң шаарларга, анын ичинде Бишкекке, Ошко качпастан, элетте дагы жумуш менен камсыз болуп, ишкердикти өнүктүрүп, тыңдап оокат кылууга боло турганына ишене баштады.

“Ошондуктан, кайсы жерде салынбасын, оңдолуп-түзөлбөсөн жаңы жол – ошол аймактарды бириктирип турган гана инфратүзүм эмес, элдин алака-катышын, биримдигинин чыңдай турган жана мамлекетибиздин өнүгүү келечегин аныктай турган өзүнчө бир багыт десек туура болот”, - деди президент.

Министрлер кабинети менен Дүйнөлүк банк биргелешип ишке ашырган “Борбор Азиядагы регионалдык каттамдарды жакшыртуу долбоорунун үчүнчү фазасынын” алкагында бир катар жолдор жаңыланып, пайдаланууга берилүүдө. Бул долбоордун негизги максаты – регионалдык байланыштарды чыңдоо, калктын жашоо шартын жакшыртуу, коңшу өлкөлөр менен соода-экономикалык алакаларды кеңейтүү жана туризмдин потенциалын көтөрүү.

Жалпы узундугу 52 чакырымды түзгөн Түп–Кеген автожолу заманбап стандарттарга ылайык курулду. Жолдун 39–76-чакырымындагы тилке жана Каркыра–Турук–Сары-Жаз автожолунун 13 чакырымы толук жаңыдан оңдолду.

Мамлекет башчысы бул жол кереметтүү Ысык-Көл менен боордош казак элинин Алматы облусун, Алматы шаарын байланыштырган экономикалык жана социалдык мааниси олуттуу жол экенин өзгөчө белгиледи. Ошентсе да долбоор бир гана жол курулушу менен чектелбейт. Ал ошондой эле Ысык-Көл облусунда туруктуу туризмди өнүктүрүүгө багытталган.

Ал эми жеке эле чет элдик туристтер эмес, өлкөбүздүн булуң-бурчундагы мекендештерибиз “Манас” эпосунда даңазаланган айтылуу Каркыра жайлоосун көрүп, эс алуусу үчүн дагы шарт түзүлөрүн мисал келтирди. Туризм турмагын колдоо максатында бул аймакта Балыкчы, Бөкөнбаев, Тосор, Теплоключенко жана Түптө 5 туристтик сервис борбору курулуп, инвестициялык шарттарды жакшыртуу үчүн маанилүү иштер аткарылды. Мындан тышкары “Сан-Таш” тарыхый комплексине бара турчу жол оңдолуп, коңшу айылдардын ички жолдоруна асфальт төшөлдү.

Мамлекет башчысы мындай ири долбоорлордун ишке ашышы Кыргызстандын эл аралык өнөктөштөр менен болгон ишенимдүү кызматташтыгынын жемиши экенин баса көрсөттү. Буга байланыштуу ал Дүйнөлүк банкка, ошондой эле долбоорду ийгиликтүү ишке ашырган тармактык министрликке, подрядчы уюмдарга жана бардык куруучуларга ыраазычылык билдирди.

Ал ошондой эле долбоордун алкагында жолду кыш мезгилинде тейлөөчү атайын жол техникаларын сатып алуу да каралганын кошумчалады. Эми “жол азабы – көр азабы” эмес, алысты жакын кылган жакшы жол экени тастыкталат.

Соңунда президент Садыр Жапаров өлкө жетекчилигинин максаты – ушундай маанилүү долбоорлорду улантуу менен өлкөбүздү өнүктүрүү, ар бир жарандын жашоосун жакшыртуу болуп саналарын жана бүгүнкүдөй жетишкендиктерибиз – биздин биргелешкен эмгегибиздин, ынтымагыбыздын жана келечекке болгон ишенимибиздин натыйжасы экенин баса белгиледи.