Президент Садыр Жапаров иш сапары менен Өзбекстанга барды

Президент 2030 15 Ноябрь 2025 17:56
583222898_1397427719058525_8362410082006243208_n.jpg
581066790_1397427742391856_4349849867468928110_n.jpg
581689372_1397427845725179_8033089645410448234_n.jpg
582233307_1397427865725177_5736041743676080452_n.jpg
582963705_1397427835725180_7236063025469566135_n.jpg
583236559_1397427805725183_1955250326804205870_n.jpg
583249223_1397427799058517_5557168473645558434_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 15.11.25. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 15-ноябрда президент Шавкат Мирзиёевдин чакыруусу боюнча Өзбекстанга иш сапары менен келди.

Мамлекет башчысынын учагы Ташкент шаарынын эл аралык аэропортуна конду.

Аэропортто Борбордук Азия мамлекеттеринин мамлекеттик туулары илинип, килем төшөлүп, ардактуу кароол тизилген.

Президент Садыр Жапаровду Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов жана башка расмий адамдар тосуп алышты.

Мамлекет башчысы сапарынын алкагында Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын жетинчи консультативдик жолугушуусуна катышат, ошондой эле Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен эки тараптуу жолугушуу өткөрөт.